НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН

1  ТОКТОМУ

 

14- октябрь 2021-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча Нарын шаардык мэриясынын жана тармактык бөлүмдөрүнүн маалыматтарын угуу жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын  шаардык  Кеңешинин  Регламентине  ылайык  2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Нарын  шаарынын  вице-мэрлеринин жана Нарын шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалыматтарын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Нарын шаарындагы айрым мектептердин, балдар бакчалардын (№7 М.Сыдыков, №18 балдар бакчалары), айрыкча №18 Ак-Дил балдар бакчасынын кышка карата даярдыгына Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан жеткиликтүү иш алып барылбагандыгы белгиленсин.
  3. Нарын суу канал, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканалары, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси, Нарын электр тармактар ишканасы дебитордук, кредитордук карыздарын жоюу менен карыздарды өндүрүүгө аракеттерди көрүшсүн.
  4. Нарын шаарынын калкын көмүр-отуну, жылуулук, таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин Нарын шаардык мэриясы, “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалы, Нарын суу-канал ишканасы, Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан сапаттуу жана үзгүлтүксүз өз учурунда камсыз кылууга айрыкча көңүл бурушсун.
  5. Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин, бала-бакчалардын жана шаардын ооруканаларынын, үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун жылытуу, кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү, толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, белгиленген нормада жылуулук берүүнү камсыз кылуу жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалына тапшырылсын.
  6. Нарын шаарында элге кызмат көрсөткөн коомдук жана жеке транспорт каттамдарынын белгиленген графиктин негизинде жүрүшүн камсыз кылуу, унаалардын санитардык жактан тазалыгына көңүл буруу жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына жана Кыргыз Республикасынын транспорт мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармасына милдеттендирилсин.
  7. Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүнө жана жалпы ички көчөлөрүнө себилүүчү инерттик материалдарды, туздарды толук камдоо жана кышка карата керектүү техникаларды даярдоо жагы «Таза-Нарын» ишканасына тапшырылсын.
  8. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн жана айрым пункттардын аткарылышы боюнча 2021-жылдын 15-ноябрына чейин маалымат беришсин.
  9. Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, салык кызматына, финансы башкармалыгына, ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнө, ММИге, «Таза-Нарын», суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар, жашылдандыруу ишканаларына, ҮДТга, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына, транспорт башкармасына.

 

 

 

 

Добавить комментарий