НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ VIII СЕССИЯСЫНЫН №10 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

№ 10 ТОКТОМУ

 

16-декабрь  2021-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы айрым мектептердин, бала-бакчалардын жылуулук системаларын техникалык жактан тейлөө жагын Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин Нарын филиалына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык  Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы айрым мектептердин жана бала-бакчалардын жылуулук системаларын техникалык жактан тейлөө жагын кайрадан Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин Нарын филиалына кайтарып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Шаардагы жалпы мектептердин, бала-бакчалардын жылуулук системаларын талапка ылайык сапаттуу тейлөө Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин Нарын филиалына тапшырылсын, ал эми тейлөө жагына көзөмөлдү күчөтүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
  3. Нарын шаарынын  жергиликтүү бюжетинен бөлүнүп, тендер аркылуу сатылып алынган тетиктердин жана көмүр-отундардын баалары эсептелинип, кошо өткөрүп берүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин Нарын филиалы менен Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын жана өткөрүп алуу, берүү актыларын түзүшсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө, мектептердин, бала-бакчалардын  директорлоруна тапшырылсын.

 

  

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга,   шаардык мэрияга,   облустук  юстиция   башкармалыгына, туруктуу комиссияга , Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин Нарын филиалына;

 

 

Добавить комментарий