НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
27-январь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 28-февраль 2014-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясынын №2 токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп таанылсын.
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Нарын шаардык Кеңешинин жаңы Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга,юстиция башкармалыгына;