НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XII  СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

 

26-апрель  2022-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Кыргыз-Тажик чек арасында курман болгон Кубанычбеков Эсентур Кубанычбековичтин айкелин Ж.Акималиев атындагы сейил багына орнотууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

        Нарын шаардык Кеңешинин  11-апрель 2012-жылдагы “Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобосуна жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. 2021-жылдын 28-29-апрелинде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда болгон окуянын кесепетинен курман болгон Нарын облусунун чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багытындагы отрядынын 2-тобунун командири, капитан Кубанычбеков Эсентур Кубанычбековичтин айкелин Нарын шаарынын Ж.Акималиев атындагы сейил багына орнотууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Айкелди орнотууга сейил бактан жер тилкесин аныктап берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Айкелди орнотууга байланышкан чыгымдар жана тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу, оңдоп-түздөө иштери 2025 аскер бөлүгүнүн эсебинен жүргүзүлсүн жана карамагына алынсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                    А.Молдосалиев

 

 

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция,  шаардык мэрияга, 2025 аскер бөлүгүнө, архитектурага.

Добавить комментарий