НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
26-апрель 2022-жыл Нарын шаары
Кыргыз-Тажик чек арасында курман болгон Кубанычбеков Эсентур Кубанычбековичтин айкелин Ж.Акималиев атындагы сейил багына орнотууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012-жылдагы “Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобосуна жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- 2021-жылдын 28-29-апрелинде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда болгон окуянын кесепетинен курман болгон Нарын облусунун чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багытындагы отрядынын 2-тобунун командири, капитан Кубанычбеков Эсентур Кубанычбековичтин айкелин Нарын шаарынын Ж.Акималиев атындагы сейил багына орнотууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Айкелди орнотууга сейил бактан жер тилкесин аныктап берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
- Айкелди орнотууга байланышкан чыгымдар жана тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу, оңдоп-түздөө иштери 2025 аскер бөлүгүнүн эсебинен жүргүзүлсүн жана карамагына алынсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция, шаардык мэрияга, 2025 аскер бөлүгүнө, архитектурага.