НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ III СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ III СЕССИЯСЫНЫН

1 ТОКТОМУ

 

11-июнь 2021-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 284 токтомуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдору бекитилсин.
  2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан, 19 депутаттын добушун алган талапкер Болотбеков Самарбек Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

  

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, БШКга, АШКга, шаардык мэрияга.

Добавить комментарий