НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ III СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
11-июнь 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы “Бакыт Жапаралиев” атындагы паркынын 15433 чарчы метр жер аянтын Р-1 зонасынан С-1 зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 3 кабаттуу 1200 орундуу типтүү мектептин долбоору чийилип, долбоорго ылайык мектепти курууга кошумча 1 гектар 54 сотых жер аянты керектелүүдө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине” ылайык, Нарын шаардык мэриясынын катынын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы “Бакыт Жапаралиев” атындагы паркынын 15433 чарчы метр жер аянтын Р-1 (шаардык парк, жээктер) зонасынан С-1 (саламаттык сактоо, билим берүү, илим, дене-тарбия жана спорттук чон аянттар) зонасына которууга макулдук берилсин.
- С-1 зонасындагы бөлүнүп берилген жер аянтын ордун чектеп, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
- С-1 зонасына которулган 15433 чарчы метр жер аянты мектептин жаңы имараты курулбай калган учурда, мурдагы багытында өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, архитектурага, ММИге, Кадастрга.