НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХШ СЕССИЯСЫНЫН
№ 8 ТОКТОМУ
17-июнь 2022-жыл Нарын шаары
Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттин калган калдыктын эсебинен “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине” ылайык, шаардык мэриясынын сунушунун негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына “Эвакуатор” алууга 1900,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
- Нарын шаардык мэриясына учурдагы иштин жагдайына байланыштуу Нарын шаардык Кеңешинин 2-март 2022-жылдагы кезектеги X сессиясынын №1/2 токтому менен калдыктын эсебинен Раззаков аймагына вело аянтча курууга бөлүнгөн 4862,6 миң сомдун курулушу курулбай калгандыктан багыты өзгөртүлүп, Нарын шаарындагы 64 жана Городок аймактарына тротуар курууга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты жумшалсын.
- Бөлүнгөн акча каражатын шаардык мэриянын буйругунун негизинде бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына, финансы башкармалыгына, транспорт ишканасына.