НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН

9 ТОКТОМУ

 17-июнь 2022-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаарындагы №18 «Ак Дил» балдар бакчасы  жайгашкан  “Окуу-тарбиялык жана мектеп комплексинин имараты жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Окуу-тарбиялык жана мектеп комплексинин” имаратын өткөрүп алуудагы кетирилген төмөндөгү кемчиликтерди жоюу Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн:

а) №18 «Ак Дил» балдар бакчасы жайгашканга чейинки электр энергиясына, таза сууга болгон карыздарын тактап чыгуу;

б) комплекске тийиштүү инвентарлардын, жабдуулардын, буюм-тайымдардын санын тактап, өткөрүп алуу актылары боюнча так маалымат берүү;

в) имараттын калган корпустарын 2022-жылдын аягына чейин толук өткөрүп алуу;

г) балдар бакчасына курулган от казандын морун талапка (стандартка) ылайык келтирүү.

  1. Токтомдун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин кийинки кезектеги сессиясында маалымат берүү жагы Нарын шааардык мэриясына жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө.

Добавить комментарий