НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

 

5-август  2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жалпы аткарып жаткан иштери жөнүндө

     «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана 2-бөлүмдүн 2, 5, 10-пункттарынын, 37-беренесинин  1-бөлүмүнүн 3, 5-пункттарынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылдын иш-планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:    

  1. Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын директору А.Чапкынчиевдин ишкананын жалпы аткарып жаткан иштери жөнүндө берген маалыматы эске алынсын.
  2. Нарын шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө,  арыктарды калыбына, ирээтке келтирүүдө шаардык  “Жашылдандыруу” мекемеси тарабынан төмөндөгү кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин:

а) Нарын шаарынын Төш-Булак аймагында жайгашкан Борбордук Азия Университетине тийиштүү тротуардын боюндагы бак-дарактар, Профессиналдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебине тийштүү скверлеринин газондору, бак-дарактары суугарылбагандыктан, саргарып, соолуп, өспөй калгандыгы;

б) 64 аймагындагы жаңы тигилген карагайларга суу жакшы жетпегендиктен кургап баштагандыгы;

в) РТС, Батыш аймагында жол жээктерин отоо чөп басып, аларды чабуу боюнчка иш аракеттер көрүлбөгөндүгү;

г) шаардын айрым жерлериндеги суу агып өтүүчү арыктар, тротуарлар казылган бойдон ирээтке келтирилбегендиги.

  1. Шаардын экологиялык-санитардык абалын талаптагыдай сактоо, жашылдандырылган аймактардын санын көбөйтүү, ошондой эле шаардын калктуу конуштарындагы жашыл көчөттөрдүн сапатын жогорулатуу менен санын көбөйтүү боюнча иштер колго алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” улуттук программасын ишке ашырууга жана шаардын санитардык-экологиялык абалын сактоо менен борбордук тротуарларын куруу иштерин улантуу, агын суу агуучу арыктарды оңдоо түздөө иштерин жүргүзүү башкы милдети деп эсептелсин.
  3. Нарын шаарындагы кеңири коомчулукту активдүү тартуу жолу менен ар бир калктуу конушта бак-дарактарды, көп жылдык бадалдуу бак-дарак өсүмдүктөрүн жана башка көчөттөрдүн түрүн отургузуу боюнча ар жылкы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү камсыз кылынсын.
  4. Көп жылдык бак-дарак өсүмдүктөрүн кыйууга тыюу салуу жана жашыл көчөттөрдү коргоо жана менчигинин түрүнө карабастан жер участокторундагы жашыл көчөттөрдү милдеттүү коргоо жана курулуш иштерин жүргүзүүдө жашыл көчөттөрдү сактоо маселелери колго алынсын.
  5. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен мекеменин ишин жакшыртууга бөлүнгөн акча каражатын өз учурунда максаттуу пайдалануу жана аткарылышын көзөмөлдөө мекеме жетекчинин негизги милдети деп эсептелсин, анын пайдаланышын көзөмөлдөө тийиштүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
  6. Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине төмөндөгү милдеттерди аткаруу жагы милдеттендирилсин:
  • шаардын көчөлөрүнө бак-дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууну, сейил бактарын, жээк жолдорун, көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча иштерди ар жыл сайын сапаттуу жүргүзүү;
  • шаардын мерчемдүү жерлерине түрдүү бак-дарактардын жана гүл өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн отургузуу, коруу, сугаруу жана жогорку өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу чараларын көрүү;
  • бак-дарактарды өстүрүүчү питомниктин иштешин жакшыртуу жана гүлдөрдү өстүрүүчү теплицаларды уюштурууну колго алуу;
  • шаардын борбордук көчөсүндөгү тротуарларды брусчаткалоо иштерин улантуу, инвесторлорду тартууга аракеттерди көрүү;
  • шаардын РТС, Ак-Коргон аймактарына жөө басуучу адамдар үчүн курулуп жаткан аллеялардын, тротуарлардын курулуштарын бүткөрүү;
  • Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу жана жеке менчик турак-жайлардын сырттарын акилөө, тазалыгын сактоо жана кооздоо жумуштарын улантуу;
  • шаардагы айрым парктардын, скверлердин айланасын тосуу, тосмолорун жаңыртуу, шаардын сейил бактарга муктаж аймактарга парк, скверлерди уюштуруу;
  • жерге кулап калуу менен шаардыктардын өмүрүнө коркунуч туудурган, кургап, соолуп, чирип калган бак-дарактарды санитардык жактан тазалоо, кыйуу иштерин жүргүзүү;
  • жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарды өз максатында, туура жана сарамжал пайдалануу, өз убагында бүткөрүү жагын колго алуу.
  1. Токтомдо көрсөтүлгөн айрым кемчиликтердин негизинде иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, Жашылдандыруу ишканасына.

Добавить комментарий