НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
5-август 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жалпы аткарып жаткан иштери жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана 2-бөлүмдүн 2, 5, 10-пункттарынын, 37-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3, 5-пункттарынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылдын иш-планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын директору А.Чапкынчиевдин ишкананын жалпы аткарып жаткан иштери жөнүндө берген маалыматы эске алынсын.
- Нарын шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды калыбына, ирээтке келтирүүдө шаардык “Жашылдандыруу” мекемеси тарабынан төмөндөгү кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин:
а) Нарын шаарынын Төш-Булак аймагында жайгашкан Борбордук Азия Университетине тийиштүү тротуардын боюндагы бак-дарактар, Профессиналдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебине тийштүү скверлеринин газондору, бак-дарактары суугарылбагандыктан, саргарып, соолуп, өспөй калгандыгы;
б) 64 аймагындагы жаңы тигилген карагайларга суу жакшы жетпегендиктен кургап баштагандыгы;
в) РТС, Батыш аймагында жол жээктерин отоо чөп басып, аларды чабуу боюнчка иш аракеттер көрүлбөгөндүгү;
г) шаардын айрым жерлериндеги суу агып өтүүчү арыктар, тротуарлар казылган бойдон ирээтке келтирилбегендиги.
- Шаардын экологиялык-санитардык абалын талаптагыдай сактоо, жашылдандырылган аймактардын санын көбөйтүү, ошондой эле шаардын калктуу конуштарындагы жашыл көчөттөрдүн сапатын жогорулатуу менен санын көбөйтүү боюнча иштер колго алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” улуттук программасын ишке ашырууга жана шаардын санитардык-экологиялык абалын сактоо менен борбордук тротуарларын куруу иштерин улантуу, агын суу агуучу арыктарды оңдоо түздөө иштерин жүргүзүү башкы милдети деп эсептелсин.
- Нарын шаарындагы кеңири коомчулукту активдүү тартуу жолу менен ар бир калктуу конушта бак-дарактарды, көп жылдык бадалдуу бак-дарак өсүмдүктөрүн жана башка көчөттөрдүн түрүн отургузуу боюнча ар жылкы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү камсыз кылынсын.
- Көп жылдык бак-дарак өсүмдүктөрүн кыйууга тыюу салуу жана жашыл көчөттөрдү коргоо жана менчигинин түрүнө карабастан жер участокторундагы жашыл көчөттөрдү милдеттүү коргоо жана курулуш иштерин жүргүзүүдө жашыл көчөттөрдү сактоо маселелери колго алынсын.
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен мекеменин ишин жакшыртууга бөлүнгөн акча каражатын өз учурунда максаттуу пайдалануу жана аткарылышын көзөмөлдөө мекеме жетекчинин негизги милдети деп эсептелсин, анын пайдаланышын көзөмөлдөө тийиштүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
- Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине төмөндөгү милдеттерди аткаруу жагы милдеттендирилсин:
- шаардын көчөлөрүнө бак-дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууну, сейил бактарын, жээк жолдорун, көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча иштерди ар жыл сайын сапаттуу жүргүзүү;
- шаардын мерчемдүү жерлерине түрдүү бак-дарактардын жана гүл өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн отургузуу, коруу, сугаруу жана жогорку өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу чараларын көрүү;
- бак-дарактарды өстүрүүчү питомниктин иштешин жакшыртуу жана гүлдөрдү өстүрүүчү теплицаларды уюштурууну колго алуу;
- шаардын борбордук көчөсүндөгү тротуарларды брусчаткалоо иштерин улантуу, инвесторлорду тартууга аракеттерди көрүү;
- шаардын РТС, Ак-Коргон аймактарына жөө басуучу адамдар үчүн курулуп жаткан аллеялардын, тротуарлардын курулуштарын бүткөрүү;
- Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу жана жеке менчик турак-жайлардын сырттарын акилөө, тазалыгын сактоо жана кооздоо жумуштарын улантуу;
- шаардагы айрым парктардын, скверлердин айланасын тосуу, тосмолорун жаңыртуу, шаардын сейил бактарга муктаж аймактарга парк, скверлерди уюштуруу;
- жерге кулап калуу менен шаардыктардын өмүрүнө коркунуч туудурган, кургап, соолуп, чирип калган бак-дарактарды санитардык жактан тазалоо, кыйуу иштерин жүргүзүү;
- жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарды өз максатында, туура жана сарамжал пайдалануу, өз убагында бүткөрүү жагын колго алуу.
- Токтомдо көрсөтүлгөн айрым кемчиликтердин негизинде иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, Жашылдандыруу ишканасына.