НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН

3 ТОКТОМУ

5-август 2022-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын   30-апрелиндеги №242-т тескемесине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондунун жана Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы №01-22/1768 чыгыш каттарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун  чечимине  ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 1. Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү максатында Нарын шаарына республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттер аркылуу 76,0 млн.сомдук 5 (беш) бирдик электробустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн бөлдүрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                  А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, финансы башкармалыгына, КРнын финансы министрлигине.

Добавить комментарий