НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        

КЕЗЕКТЕГИ   ХIV СЕССИЯСЫНЫН

4  ТОКТОМУ

5-август 2022-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарынын  Раззаков чөлкөмүндөгү Ж.Акималиев-2 паркына Жусаев Муса Токоновичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын жана Москва чөлкөмүнүн тургундарынын сунуш каттарына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, коомдук эмес уюмдар, массалык маалымат каражаттары боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаарындагы Московский аймагындагы Ж.Акималиев-2 паркын  Муса Жусаев  атындагы паркы деп атоого макулдук берилип, мындан ары парк Муса Жусаев атындагы паркы деп  аталсын.

2.Аймактын, парктын ичин жасалгалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, инфратүзүмүн жакшыртуу жана башка оңдоп түздөө иштерине жыл сайын 500,0 миң сомго чейин өз эсебинен акча каражат сарптоо М.Жусаевге  жүктөлсүн жана Нарын шаардык мэриясы менен биргеликте аймакты, паркты өнүктүрүү боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.

3. Токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда токтом толугу менен өз күчүн жоготту деп табылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, М.Жусаевге, жашылдандырууга.

Добавить комментарий