НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
5-август 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын карамагында турган айрым автоунааларды ишкананын эсебинен чыгыштоого жана сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 19-беренесине, «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболорго жана шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын эсебинде турган 1990-жылы өндүрүштөн чыккан 1852 NA мамлекеттик номерлүү ГАЗ САЗ 3507 жана 1992-жылы өндүрүштөн чыккан 1753 NA мамлекеттик номерлүү ГАЗ САЗ 3508 автоунааларын муниципалдык менчиктин эсебинен чыгарууга, жарактуу тетиктерин өндүрүшкө пайдаланууга жана жараксыз тетиктерин кара металл катары сатууга депутаттык комиссиянын көзөмөлү астында макулдук берилсин.
2. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы жана Нарын шаардык мэриясы автоунааны муниципалдык менчиктин эсебинен чыгаруу жана автоунааларды сатуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына жана «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболоруна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Автоунааларды сатуудан түшкөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебине которуп берүү жагы Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, «Таза-Нарын» ишканасына, ММИге.