НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХV СЕССИЯСЫНЫН

4 ТОКТОМУ

19-сентябрь  2022-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

№8 Жол тейлөө ишканасынын балансасындагы Нарын шаарынын А.Тыныбеков көчөсүндө жайгашкан “Нур” балдар бакчасынын имаратын кайтарымсыз муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү  жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин негизинде, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы №01-17/2365 катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. №8 жол тейлөө ишканасынын балансасындагы Нарын шаарынын А.Тыныбеков көчөсүндө жайгашкан “Нур” балдар бакчасынын имаратын кайтарымсыз муниципалдык менчикке алууга макулдук  берилсин.
  2. Аталган имараттын тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

 Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга,  ММИге.

Добавить комментарий