НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХV СЕССИЯСЫНЫН

2 ТОКТОМУ

19-сентябрь  2022-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү  киргизүү жөнүндө

              Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү  «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик Кодексине» ылайык жана Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Ке ңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн салык агенти төлөөчү киреше салыгына кошумча 10000,0 ми ң сом Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.
  2. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн экономикалык маселелер беренесине кошумча 10000,0 ми ң сом бекитилсин.
  3. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин өзгөртүү киргизүү жагын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына  тапшырылсын.

 

 

      Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Кыргыз  Республикасынын  финансы министрлигине, Нарын шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын  финансы башкармалыгына,  облустук юстицияга, шаардык салык кызматына.

 

Добавить комментарий