НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХVI СЕССИЯСЫНЫН    

 1 ТОКТОМУ

1-ноябрь 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын облустук  үй бүлөлүк медицина борборунун жана Нарын шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун  алып барып жаткан иштери жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жана иш планынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен берилген маалыматы эске алынсын.

2.Нарын шаарынын калкын сапаттуу медициналык тейлөөдө, медицина кызматкерлеринин оорулууларга болгон мамилелери, жумуш убагында иш ордуларында болуусу, медицина кызматкерлеринин жүрүм-турум эрежелеринин сактоодо, иштин сапатын жогорулатуудагы кемчиликтери белгиленсин.

3.Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын маалыматында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жана сессияда айтылган сунуштарды эске алуу менен №4 жана №2 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлерине жана айрым медайымдарына жана шаардагы стоматология бөлүмүнүн жетекчилерине кемчиликтеринен жыйынтык чыгаруу жана ишти оңдоо жагы Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун директоруна  жүктөлсүн.

4.Шаардагы №3 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушунун тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана стоматология бөлүмүнүн имаратынын курулушунун тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын жылытуу, толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүүгө карата тиешелүү аракеттер көрүлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына жана  Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, ҮМБна, ҮДТна.

Добавить комментарий