НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН

2 ТОКТОМУ

    1-ноябрь 2022-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

 Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Нарын шаардык Кенешинин Регламентинин, Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш планына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын начальниги Ж.Мамбетказиевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректуу колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурулууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө жана жашы жете элек балдарга зомбулукту, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасында суицид, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча аракеттерди көрүү тапшырылсын.
  3. Жумушсуз  жарандарды иш менен камсыз кылууга, жумушсуздукту басаңдатуу максатында коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жана кесиптик окууга тартуу менен жумушка орноштурууга өзгөчө көңүл бурулсун.
  4. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Акы төлөчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндөгү” программасына долбоорлорду жазуу ишине Нарын шаарынын мекеме, ишканаларын тартууга өзгөчө көңүл  бурулсун.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,шаардык мэрияга, юстицияга, соц.өнүгүүгө.

Добавить комментарий