НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫНЫН 

1  ТОКТОМУ

 

5-август 2021-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарында  2021-жылдын 6 айына карата  аткарган иштери тууралуу Нарын шаардык мэриясынын отчету жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын  шаардык  Кеңешинин  Регламентине  ылайык   Нарын  шаарынын  мэри С.Болотбековдун отчетун угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын мэри С.Болотбековдун Нарын шаарынын 2021-жылдын 6 айына карата  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча сессияда депутаттарга берген отчету эске алынсын жана шаардык мэрия тарабынан бир катар иштер аткарылганы белгиленсин.
  2. Нарын шаардык мэриясы, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгы менен бирдикте Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн, айрыкча салыктар жана башка жыйымдарды көбөйтүүгө, планды ашыгы менен аткарууга өзгөчө көңүл бурулсун.
  3. Берилген план тапшырмаларды кыйшайуусуз аткаруу, базарларда, өз алдынча иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди тактоо, ижарага берилген жер аянттардын, таштандыга төлөөчү абоненттердин санын тактоо, ага төлөнүүчү төлөмдөрүн убагында өндүрүү мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына, Нарын шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына, Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
  4. Нарын шаарына инвестицияларды тартууга карата шаардык мекеме, ишканалар менен бирдикте чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды куруу, муниципалдык менчиктеги турак жайларды менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана жаңы курулуп жаткан Нарын шаарынын кире беришиндеги арканын сапатына жана иш кагаздарын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын башкы милдети деп эсептелсин.
  5. Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын ички жолдорун асфальттоо, тротуарларды оңдоо иштерин улантуу, тышкы жана ички туристтерге шаарда жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шаардын кире бериштерине жана шаардын айрым муктаж жерлерине заманбап коомдук ажатканаларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү Нарын шаардык мэриясына жана анын тармактык бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
  6. Нарын шаарындагы муниципалдык жер аянттарына мыйзамсыз курган курулуштарды, келишими жок тосуп алган жерлерди, башаламан соода түйүндөрүн жана базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, муниципалдык жер аянттарын тактоо, аларды каттоодон өткөрүү жана “Батыш” чөлкөмүндө аймак башчылары үчүн курулган имаратты муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жагы Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасына тапшырылсын.
  7. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мектептердин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чындоо, окуу китептери менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, мектептердеги жана бала бакчалардагы окуучуларга жана тарбиялануучуларга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугуна көңүл бурулсун. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу Нарын шаарынын  вице-мэрине, шаардык ички иштер бөлүмүнө , шаардык билим берүү бөлүмүнө  тапшырылсын.
  8. Нарын шаарынын борборуна Этимесгут шаарынын демөөрчүлүгү менен түрк боордоштор тарабынан салынып баштаган 100 орундуу бала бакчанын имаратынын сапаттуу курулушунун башынан аягына чейин көзөмөл жүргүзүү жана балдар бакчасына тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала бакчаларды курууга инвестиция тартуу жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
  9. Нарын шаарында орун алган ооруларды алдын алууга карата чараларды көрүү айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык оруларды алдын алуу, жаш балдардын өлүмүн кыскартуу калктын саламаттыгын сактоодо эмдөөдөн баш тарткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Нарын шаардык мэриясынын вице мэрине, үй бүлөлүк медицина борборуна тапшырылсын.
  10. Таза-Нарын муниципалдык ишканасынын, муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынын, Нарын суу канал ишканасынын, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин, Нарын электр тармактар ишканасынын дебитордук, кредитордук карыздарын жоюу, өндүрүү шаардын элин үзгүлтүксүз таза суу, жылуулук, электр энергиясы менен камсыз кылуу жагы Нарын шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
  11. Шаардагы таштанды төгүүчү жайын ирээтке келтирүү, рекультивация жумуштарын жүргүзүү, таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоор иштеп чыгып, эл аралык уюмдар менен иш алып баруу, шаардын санитардык абалын жакшыртууга, айрыкча базарлардагы ашкана, дүкөндөргө көзөмөлдү күчөтүү жагы колго алынсын.
  12. 2021-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты чөлкөм” конкурсун уюштуруу жана Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүнө көрүстөн үчүн жер аянтын бөлдүрүү боюнча Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтү менен иш алып баруу  жагы Нарын шаардык мэриясына таршырылсын.
  13. 2019-2021-жылдарда эл аралык донорлордон, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып жасалган курулуштарды, ремонтторду, сатылып алынган атайын каражаттарды шаардык Кеңеш менен бирдикте инвентаризациялап, мониторинг жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  14. Нарын шаарында жайгашкан кеңселердин, мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү ишканалардын сыртындагы көрнөк-жарнак баардыгын Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү Нарын шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
  15. Нарын шаарында элге кызмат көрсөткөн коомдук жеке транспорт каттамдарынын белгиленген график боюнча жүрүшүн, коомдук унаалардын санитардык жактан тазалыгын, алардын патент алуусун камсыз кылуу салык кызматкерлери, жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан көзөмөлдүк күчөтүлсүн.
  16. Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсуздугун камсыз кылууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, банги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыктын алдын алууга багытталган иш аракеттер көрүлсүн.
  17. Шаардын ичиндеги автоунаалардын жүрүүсүн ирээтке келтирүү, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол белгилерин, видео көзөмөлдөрдү орнотуу шаардык мэрияга, ички иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
  18. Нарын шаарында зордук-зомбулук боюнча иш алып баруу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында психолог дарыгерин тартуу иш чараларын уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштер колго алынсын.
  19. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
  20. Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана шаардык мэрияга тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык ички иштер бөлүмүнө, ЦСМге, билим берүү бөлүмүнө, ММИге, «Таза-Нарын», суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар ишканаларына, юстиция, фин.отдел, салык башкармалыктарына.

 

Добавить комментарий