НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ XVIII  СЕССИЯСЫНЫН

    № 4 ТОКТОМУ

23- декабрь 2022-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын жана Нарын шаарынын ички каттамындагы маршруттук таксилердин жалпы аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

             «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана 2-бөлүмдүн 2, 5, 10-пункттарынын, 37-беренесинин  1-бөлүмүнүн 3, 5-пункттарынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш-планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:    

  1. Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын директору Д.Өмүрбековдун ишкананын жалпы аткарып жаткан иштери жөнүндө берген билдирүүсү эске алынсын.
  2. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана муниципалдык коомдук транспорт менен жүргүнчү  ташуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы белгиленсин.
  3. Шаарда жайгашкан базарлардагы баш аламан токтогон автоунааларды ирээтке келтирүү максатында сатылып келген Эвакуатор автоунаасын тез арада ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү мэрдин башкы милдети деп эсептелсин, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте кызмат көрсөтүү тарифин иштеп чыгуу, бекиттирүү иштери алып барылсын;
  4. Транспорт ишканасынын ишин мындан ары жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй иштерди алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына тапшырылсын:

а) Нарын шаарында коомдук транспорттун кыймылын жакшыртуу максатында муниципалдык транспорт ишканасына жаңы автобустарды алуу боюнча иш аракеттерди көрүү жагын колго алуу;

б)  Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын административдик имаратын, троллейбустар токтоочу атайын жайды ирээтке келтирүү;

в) Шаардык коомдук мончону иштетүүдөн түшкөн акча каражаттарын өз  багытында жумшоону транспорт ишканасынын директору тарабынан колго алуу;

г) Ишкананын ишин өркүндөтүү, заманбап техникаларды тартуу, троллейбус токтотуучу атайын жайды оңдоп түздөөдөн өткөрүү, троллейбустук линияларды шаардын калган аймактарына чейин жеткирүү максатында долбоорлор менен иш алып баруу, инвестиция тартуу же спонсордук жардамдар аркылуу  кошумча каражаттарды табуу боюнча иштерди алып баруу;

д) Транспорт ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жакшыртуу максатында ижара акылардан чогулган акча каражаттарын атайын эсепке толук түшүрүү (аялдамалар, жарнамалык такталар ж.б.) жана 2023-жылга карата ишкананын ишин алдыга жылдыруу боюнча атайын иш-план иштеп чыгуу.

  1. Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 2022-жылдын 5-августундагы кезектеги XIV сессиясынын №1 токтомунун 11-пунктунун жана 2022-жылдын 1-ноябрындагы кезектеги XVI сессиясынын №8 токтомунун 3,4-пункттарынын аткарылышына Нарын шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү көңүл бурулбагандыгы белгиленсин.
  2. Нарын шаарында элге кызмат көрсөткөн муниципалдык жана коомдук транспорт каттамдарынын пландык чыгууларынын, кыймыл аралыгынын, иштөө графигинин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлөө, ташуу эрежелеринин, коомдук унаалардын санитардык жактан тазалыгынын, техникалык абалынын сакталышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана шаардын четиндеги конуштарды коомдук транспорт менен камсыздоо Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына, транспорт департаментинин Нарын аймактык башкармалыгына, Нарын шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнө, ал эми алардын патент алып иштөөсүн камсыз кылуу Нарын шаардык салык кызматына тапшырылсын.
  3. Токтомдо көрсөтүлгөн пункттардын негизинде иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын жана аткарылганын иштер боюнча 2023-жылдын 1-мартына маалымат берсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга,  Нарын Жол Транс ишканасына, транспорт департаментине, ЖКККБнө, салык кызматына.

Добавить комментарий