НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

      23-декабрь 2022-жыл                                                                                                                                                                     Нарын шаары

 

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын жүргүзгөн мониторингинин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Ы.Жунусованын жана  Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн  начальниги Т.Кадыровдун билдирүүлөрү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы ХIV сессиясынын №1 токтомунун 13-14-пункттарынын Нарын шаардык мэриясы тарабынан аткарылбагандыгы белгиленсин.
  3. Нарын шаары зордук-зомбулук маселелери боюнча республикада алдынкы орунга чыгышы  боюнча Нарын шаардык мэриясы, тиешелүү мекеме, ишканалар тарабынан бирдиктүү  ыкчам иштер алып барылсын.
  4. Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруучу кызматкерлери, шаардык мектептердеги ата –энелер комитеттери, Нарын шаардык Аксакалдар соту, жарандык коомдордун активисттери менен бирдикте  окуучулардын  жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кечки саат 20.00 дон кийинки убакыттарда көчөгө чыкпоосу үчүн чаралар көрүлсүн жана кечки оюн-зоок, көңүл ачуучу жайларга, мейманканаларга, компьютердик клубдарга системалуу түрдө рейддер уюштурулсун.
  5. Нарын шаарында 2023-жаңы жылга коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда элдин коопсуздугун камсыздоо, жардыргыч заттарды колдонуудан оолак болуу, жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарандарга сапаттуу тейлөө көрсөтүү, жаш өспүрүмдөрдүн кырсыктарга кабылбоосу, жаштар арасында массалык мушташууларга, одоно укук бузууларга, зордук-зомбулуктун баардык түрүнө жол бербөө, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жеткиликтүү иштер алып барылсын.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                    А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстицияга, билим берүү, ички иштер бөлүмдөрүнө.

Добавить комментарий