НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

6 ТОКТОМУ

23-декабрь  2023-жыл                                                                                                                                                                      Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы  Нарын облустук Мекен коргоочулардын Даңк музейине  Советтер союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун ысымын берүү жөнүндө

            Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын менен Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, ЖМК, наамдарды ыйгаруу  боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун  протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы “Нарын облустук Мекен коргоочулардын Даңк музейине”  Советтер союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун ысымы ыйгарылып, Дайыр Асанов атындагы Даңк музейи деп аталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                         А.Молдосалиев                                                                                                                     

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  юстиция башкармалыгына;

 

Добавить комментарий