НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

 7 ТОКТОМУ

23-декабрь 2022-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы Жаңы жол аймагындагы скверге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу маркум Чыңгышов Абдылдабек Алсеитовичтин  ысымын берүү жөнүндө

          Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, ЖМК, наамдарды ыйгаруу  боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы, Жаңы жол аймагындагы жолдун сол тарабындагы скверге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу маркум Чыңгышов Абдылдабек Алсеитовичтин ысымы ыйгарылып, Чыңгышов Абдылдабек атындагы сквери деп аталсын.
  2. Сквердин инфраструктурасын жакшыртууга, ичин жасалгалоого, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга, тротуары жана скверди жалпы оңдоп-түздөө иштерине, аталышы жазылган тактасына кеткен  финансылык чыгымдарын көтөрүү жагы А.Чыңгышовдун үй бүлөсүнө,бир туугандарына жүктөлсүн жана 2023-жылдын декабрь айына чейин аткарууга алынып, бүткөрүлсүн.
  1. Бул токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда токтом күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                 А.Молдосалиев                                                                                                                     

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, А.Чыңгышовдун үй бүлөсүнө, юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий