НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
19-апрель 2023-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардагы айрым орто жана спорт мектептерине, “Таза-Нарын” ишканасына, МДС аймагындагы көрүстөндүн айланасын тосууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги ХXII сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “калдыктар” беренесинен Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин сырткы чатырын ремонттоого 3653,5 миң сом, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына “Жаратылыш өнүктүрүү фонду” менен 2 (эки) бирдик атайын техника алуу боюнча түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде өздүк салым катары 6000,0 миң сом, Нарын шаарындагы А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектебинин ички жылуулук системасын толук ремонттон өткөрүүгө 9479,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “экономикалык маселелер” беренесине каралган акча каражатынын эсебинен Нарын шаардык спорт мектептерине “Мен чемпионмун” Республикалык мелдешти өткөрүүгө карата спорттук объектилерди даярдоого, оңдоого, инвентарларды алууга өздүк салым катары 2500,0 миң сом, Нарын шаарынын МДС аймагындагы эски көрүстөндүн айланасын тосууга 1947,4 миң сом каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармасына жүктөлсүн.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык сатып алуу сынактарын өткөрүү, камсыздоочуларды туура тандоо, мамлекеттик сатып алууларды ачыктык, калыстык, айкындуулук менен жүзөгө ашыруу Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына, аталган орто мектептердин жана шаардык спорт мектептеринин директорлоруна тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, билим берүү бөлүмүнө, финансы башкармалыгына, №1, №8 орто жана спорт мектептерине.