НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             

КЕЗЕКТЕГИ  XXIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

 

   9-июнь  2023-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата калдыктан муниципалдык  “Таза-Нарын” ишканасына кошумча каражат бөлүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндөгү  Мыйзамына  Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы  жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына фронталдык 3 кубдук погрузчик техникасын сатып алууга кошумча 800,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык сатып алуу сынактарын өткөрүү, камсыздоочуларды туура тандоо жана калыстык, айкындуулук менен жүзөгө ашыруу муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын директоруна тапшырылсын.
  3. Токтом “Бюджет, финансы  жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

   Төрага                                                                                                                                                                                   А.Молдосалиев

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,туруктуу комиссияга.

Добавить комментарий