НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 2 ТОКТОМУ

29-август 2023-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде,  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун  чечимине ылайык, Нарын шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин карызын жабуу үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январдагы “Калдыктар” беренесинен 5,0 миллион сом, Нарын шаарынын 2023-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн акча каражатынан 8625,0 миң сом, ал эми Нарын шаардык Кенешинин 2023-жылдын 14-мартындагы кезектеги Х сессиясынын №2/1 токтомунун 5-тиркемеси менен “Экономикалык маселелер” беренесинен РТС чөлкөмүнөн велодорожка курууга бөлүнгөн 2500,0 миң сомду, Нарын Суу –канал ишканасына стратегиялык обьектилерди кайтарууга, хлорго бөлүнгөн 675,0 миң сомду жана Нарын шаарындагы Таранчы көчөсүндөгү тосмолорду которуууга бөлүнгөн 200,0 сомду жылдыруу жолу аркылуу баардыгы 17,0 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаты төлөнүп берилсин, ал эми, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январындагы “Калдыктар” беренесинен Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөүү боюнча ишканасына ижара акыларын  автоматтык базага киргизүүгө 20,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                   А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облусунун юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигинин  Нарын  финансы башкармалыгына;

Добавить комментарий