НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             

КЕЗЕКТЕГИ  XXIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 3  ТОКТОМУ

  29август 2023-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын 2023-жылдын 16-августундагы №01-1 /868 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө Мыйзамынын 49-50-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №275 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын сууну коргоочу зоналар жана суу обьектилеринин коргоо тилкелери тууралуу” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 3-майындагы №111-п буйругуна ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтому менен бекитилген Нарын дарыясынын суу коргоо тилкеси үчүн 100 метр, Шаркыратма суусунун куйган жеринде 50 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 27 метр аралыктары учурдагы бекитилген реестрине  ылайык өзгөртүлүп, суу коргоо тилкеси Нарын дарыясы үчүн 20 метр, Шаркыратма суунунун куйган жеринде 20 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 20 метр деп өзгөртүү киргизилсин.
  2. Ал эми, суу коргоо зонасынын реестрине ылайык дарыянын  борбордук чекитинен Нарын дарыясынын суу коргоо зонасы үчүн 75 метр, Шаркыратма суусунун куйган жеринде 50 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 50 метр деген сүйлөмдөр менен толукталып, бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

     Төрага                                                                                                                                                                                 А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын шаардык мэриясына, Нарын облустук юстиция башкармалыгына

Добавить комментарий