НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  XXIX СЕССИЯСЫНЫН

2 ТОКТОМУ

 

31-январь 2024-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы    №02 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын 2023-жылдын 1-ноябрындагы  №01-1 /1168 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө Мыйзамынын 49-50-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №275 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын сууну коргоочу зоналар жана суу обьектилеринин коргоо тилкелери тууралуу” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын  1-ноябрындагы №41-н/п буйругуна ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат;

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтому менен бекитилген Нарын дарыясынын суу коргоо тилкеси үчүн 100 метр, Шаркыратма суусунун куйган жеринде 50 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 27 метр аралыктары учурдагы бекитилген реестрине ылайык өзгөртүлүп, калктуу конуштардагы аймактардын суу объектилеринин суу коргоо тилкеси Нарын дарыясы үчүн 20 метр, Шаркыратма суунунун куйган жеринде 20 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 20 метр деп өзгөртүү киргизилсин.
  2. Ал эми Нарын дарыясынын калктуу конуштардан тышкары аймактардын суу коргоо зонасы үчүн 75 метр, Шаркыратма суусунун куйган жеринде 50 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 50 метр деген сүйлөмдөр менен толукталып, бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

     Төрага                                                                                                                                                                              А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, мэрияга, юстиция башкармалыгына, экологияга.

 

Добавить комментарий