НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН № 12 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН

 № 12 ТОКТОМУ

 

27-февраль 2025-жыл                                                                                                                       Нарын шаары

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу  “Кыргыз автобекет” мамлекеттик ишканасынын “Нарын автобекет” филиалын Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү   жөнүндө

  

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекет” мамлекеттик ишканасынын “Нарын автобекет” филиалын Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга  макулдук берилсин.

 

  1. Муниципалдык менчикке кабыл алууда  мыйзам чегинде  иш алып баруу, иш кагаздарын туура жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                         Ж.Эсеналиев  

 

 _________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий