НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН
№ 8 ТОКТОМУ
27— февраль 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык мэриясынын насыяларынын графигин төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдук жана кепилдик берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык мэриясынын насыяларын жылдырууга макулдук, ал эми, жаңыдан түзүлгөн графикке ылайык 2028-жылдан тартып, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилишине кепилдик берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_____________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.