НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ    КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН

 № 9 ТОКТОМУ

27— февраль   2025-жыл                                                                                                                                     Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы айрым жеке менчик жер тилкелерин жана обьектилерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”, ”Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, транспорт боюнча” боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы  токтом  кылат:

  1. Нарын шаарындагы И.Раззаков №47 дарегинде жайгашкан Нарын шаарынын тургуну А.Абылабековдун жеке наамындагы 4-05-01-0002-0442 идентификациялык коду менен ашыкча берилген 792 чарчы метр жер тилкесин Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Нарын шаарындагы айрым жеке менчик жер тилкелерин, обьектилерин ээлери тарабынан өз ыктыярлары менен Нарын шаарынын муниципалдык балансына өткөрүлүп берилген учурда, мындан ары, Нарын шаардык Кеңешинин жаңы чечимисиз, ушул    токтомдун 2-пунктун жетекчиликке алуу менен Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга   макулдук берилсин жана өткөрүлүп алынган жер тилкелери, обьектилери  боюнча Нарын шаардык Кеңешине маалыматтар берилип турулсун.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                           Ж.Эсеналиев

 

 ____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий