НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН       XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ      

XXXV СЕССИЯСЫНЫН

 №  1  ТОКТОМУ

15-сентябрь   2016-жыл                                                                                                                   Нарын шаары

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине 3 акысыз  көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү жөнүндө

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июунундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан элге көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, 10-апрель  2015-жылы Нарын шаардык мэриясынын №86-б буйругу менен бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча комиссиясы тарабынан иштелип чыкты.                                       Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү Нарын шаардык мэриясы тарабынан жарандарга көрсөтүлүп келе жаткан кызматтарга карата алгачкы инвентаризация жүргүзүү менен башталып, жыйынтыгында Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 45 кызмат көрсөтүүлөрү аныкталып, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Базалык реестрге кирген  кызматтарды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын негизинде берилүүчү кызматтарды алып салганда комиссия муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүүгө ылайыктуу деп 3 акысыз кызматты аныктады. Аларга:

  • 1-4-класска чейинки окуучуларды бекер ташуучу транспорт каражаты менен камсыз кылуу;
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таш көмүр үчүн акчалай компенсация берүү;
  • Нарын шаарынын тургундарын бир жолку материалдык жардам менен камсыз кылуу;

    Комиссия жана Нарын шаардык мэриясы  көрсөтүлүп жаткан кызматтардын критерийлеринин ылайыктуулугун карап, анализ жүргүзүү менен аныкталган 3 акысыз  көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү менен, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында карап берүү сунушу менен кайрылышкан.             Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын критерийлеринин ылайыктуулугун карап, анализ жүргүзүү менен аныкталган 3 акысыз  көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү менен, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитип берүү боюнча шаардык мэриянын жана туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

Сессияга катышкан депутаттардын  добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүүгө ылайыктуу деп табылган төмөндөгү 3 акысыз кызматты  муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүүгө макулдук берилсин  .

  • 1-4-класска чейинки окуучуларды бекер ташуучу транспорт каражаты менен камсыз кылуу;
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таш көмүр үчүн акчалай компенсация берүү;
  • Нарын шаарынын жардамга муктаж айрым тургундарын бир жолку материалдык жардам менен камсыз кылуу;

  Төрага                                                                                                        Э.Турсуналиев

______________________________________________________________________________ Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга

Добавить комментарий