НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI I СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI I  СЕССИЯСЫНЫН

        №  2  ТОКТОМУ

          21-декабрь 2016-жыл                                                                                                              Нарын шаары

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын  эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамын жана Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү    жөнүндө

 Нарын шаардык мэриясы  Нарын шаардык Кеңешине Кыргыз Республикаснынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун 2-тиркемесине ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын каржылоосуна сунушталган долбоорлордун иш кагаздарын даярдалгандыгы жана  үлүштүк дем берүүчү гранттар боюнча комиссянын кароосуна даярдалган иш кагаздарды жиберүү үчүн Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында демилгелөөчү топтун курамын жана үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмесин сессияда бекитип берүү жөнүндө 2015-жылдын 21-декабрында  №03\2091 чыгыш каты менен кайрылышкан.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри  А.Сурановдун  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                            ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  1. Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсеби бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  1. Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарга брусчатка плиткасын  төшөө жумуштарына техникалык көзөмөл  жүргүзүүгө  15,0  (он беш миң) сом  жана   Ленин көчөсүнүн Таранчы көчөсүнөн   Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын арыктарына темир бетон лотокторун жана суу өткөөлдөрүн орнотуу боюнча жумуштарына техникалык көзөмөл  жүргүзүүгө   15,0  (он беш миң) сом, жалпысы 30,0 (отуз миң) сом, жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар беренесинен бөлүнүп берилсин.

4.        Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

 

        Төрага                                                                                                                    Э.Турсуналиев

          Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга

Добавить комментарий