НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIII  СЕССИЯСЫНЫН

№  2  ТОКТОМУ

17 -июнь  2015-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

            Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Курулуш куруу жер пайдалануу» комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

            Нарын шаардык мэриясы Нарын облустук коррупция, паракордукка каршы «Люстрация» коомдук уюмунун төрайымынын орун басары Д.Кыдыргычовнын  Нарын шаардык мэриясына берген арызынын негизинде «Курулуш куруу жана жер комиссиясынын»  курамындагы  А.Жаманованын ордуна К.Сатыбалдиеваны киргизүү боюнча жана «Ак шумкар» фракциясынын депутаты Р.Н.Адиев Нарын шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу, комиссиянын курамынан чыгарылып, ордуна ошол эле  фракциянын депутаты К.С.Жакыповду  киргизүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунушун Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары М.Сыдыгалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
  2. «Ак шумкар» фракциясынын депутаты Р.Адиевдин  Нарын шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу комиссиянын курамына «Ак шумкар» фракциясынын депутаты К.С.Жакыпов сунушталсын.
  3. Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде комиссиянын курамындагы Нарын облустук коррупцияга каршы «Люстрация» коомдук уюмунун мурунку төрайымы А.Жаманова комиссиянын курамынан чыгарылып, ордуна Нарын облустук коррупция, паракордукка каршы «Люстрация» коомдук уюмунун төрайымы  К.Сатыбалдиева киргизилсин.
  4. Токтомду аткаруу жагы  Нарын шаардык мэриясына  (А.Суранов) тапшырылсын.

 

 

 

        Төрага                                                                        Э.Турсуналиев Каттоо №2015-19

 

            ________________________________________________________________________            

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга.

Обсуждение закрыто.