НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
28-февраль 2014-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын жылдык отчету
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаттыгына Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык 6 фракциядан жалпы 31 депутат мандат алып Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары 2012-жылдын 28-декабрында шаардык Кеңештин XXVI чакырылышынын 1-сессиясы өтүп, шаардык Кеңештин төрагасы жана орун басарлары шайланган. Жалпы шаардык Кеңеште ар тармактарды камтыган 5 туруктуу комиссия түзүлүп, туруктуу комиссиялар сессияда бекитилген атайын иш пландын негизинде иш алып барып келишүүдө. 2012-жылдын 28-декабрынан 2014-жылдын 1-январына чейин Нарын шаардык Кеңеши 10 сессия өтүп, жалпысынан күн тартибинде 61 маселе каралган. Күн тартибинде каралган маселелердин ичинен Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан 7 маселе,Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 3 маселе, “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан 8 маселе “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан 4 маселе, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан 8 маселе каралып сессиянын күн тартибине сунушталган. Каралган маселелердин ичинен 3 маселе (АШКнын төрагасынын билдирүүсү, шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо, төраганын орун басарларын шайлоо) шаардык Кеңештин биринчи уюштуруу сессиясына таандык маселелер. Ал эми 11 маселе шаардык Кеңештин жалпы депутаттары тарабынан иштелип чыккан маселелер жана шаардык Кеңештин төрагасынын атайын буйругунун негизинде түзүлгөн депутатттык комиссиялардын билдирүүлөрү. Шаардык мэрия жана шаардык мекемелердин сунуш катынын негизинде сунушталып сессиянын күн тартибине киргизилген маселелер жалпы саны 8. Мындан сырткары каралган маселелердин ичинен 9 маселе күн тартибине депутаттар тарабынан кошумча киргизилген.Күн тартибине киргизилип жаткан маселелер толугу менен тиешелүү туруктуу комиссияларда каралган.
Нарын шаардык Кеңешинин иш планы боюнча 2013-жылдын төрт квартал ичинде туруктуу комиссиялар Нарын шаардык Кеңешинин аппараты менен биргеликте жалпы 26 маселе кароо жагы иш планда бекитилсе, жыл ичинде иш план боюнча 19 маселе сессияда каралып, 1 маселе туруктуу комиссиянын өздүк кароосунда каралган. Каралбай калган айрым маселелер 2014-жылдын иш планына кайрадан киргизилүүдө.
Нарын шаардык Кеңеши тарабынан 2013-жыл ичинде өткөрүлгөн 10 сессиянын баардык токтомдору , naryn-kenesh.kg веб-сайтына жарыяланып облустук юстиция башкармалыгы аркылуу «Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киригизилип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылар жарыялануучу сайтында жарыяланып келүүдө.
Нарын шаардык Кеңешине 2013-жыл ичинде келип түшкөн каттардын жана арыз даттануулардын жалпы саны 287. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттен акча каражат сурап кайрылгандардын саны 157 болсо, анын 17си төраганын резервдик фондусунан акча каражаты бөлүнүп берилип 95 сунуш жана кайрылуу каты “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча”, туруктуу комиссиясынын кароосуна жиберилген. Шаардык Кеңештен арыз менен материалдык жардам сурап кайрылган шаар тургундарынын саны 34 болсо, алардын 30на тиешелүү акча каражаттар шаардык Кеңештин резервдик фондусунан берилип, 4нө тиешелүү жооптор берилген. Башка ар кандай маанидеги арыз даттануулардын саны 62, Нарын шаардык мэриясынан, шаардык мекемелерден ар кандай маанидеги сунуш кайрылуулар 57, Өмөттүк эмес коомдук уюмдардан келген каттардын саны 9, КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана жогорку жактардан келген каттардын саны 4, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамына жана көчөгө ысымдарды ыйгаруу боюнча келген сунуштардын саны 26 болсо, алардын баардыгы төраганын атайын резолюциясынын негизинде шаардык Кеңештин тиешелүү адисине же туруктуу комиссияга сунушталып, шаардык мекемелер менен биргеликте каралып жооптор берилген. 2013-жыл ичинде шаардык Кеңешке келип түшкөн каттардын жана арыз даттануулардын ичинен төраганынын атайын резолюциясынын негизинде “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна 95 сунуш кат жана арыз даттануу, “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына 7 сунуш кат жана арыз даттануу, “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына 29 сунуш кат жана арыз даттануу, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына 26 сунуш кат жана арыз даттануу “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына 12 сунуш кат жана арыз даттануу жиберилген. Туруктуу комиссияларга жиберилген каттар, арыз даттануулар арыз ээлери жана сунуш кат ээлери менен биргеликте атайын туруктуу комиссиянын отурумдарында каралып, протоколдор түзүлүп, тиешелүүсү шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилип, ал эми айрымдары тиешелүү мекемелер менен биргеликте мүмкүнчүлүкө жараша чечилип, жооптор берилген.
Нарын шаардык Кеңешинен жалпы 306 чыгыш каты жөнөтүлгөн. Мунун ичинен 47си жогорку жактарга жөнөтүлсө, алардын 8не жооптор келген. 62 чыгыш кат шаар тургундарына берилген жооптор, шаардык мэрияга жана мекеме-ишканаларга жөнөтүлгөн каттардын саны 187 , Нарын шаардык Кеңешинин фракцияларына жөнөтүлгөн каттардын саны 10.
2012-жылда Нарын шаардык Кеңешине шаар тургундарынан келген арыз даттануулар жана кайрылуу, сунуш кааттардын саны 242 болсо, 2013-жылы 287ге жеткен, ал эми шаардык Кеңештен чыгышталган каттардын саны 2012-жылы 107 болсо, 2013-жылы 306га жеткен.
Нарын шаардык Кеңешине бекитилген резервдик фонддун каражатынан шаардык Кенештин 6 фракциясына 30,0 миң сомдон акча каражаты бөлүнүп, жалпы 6 фракцияга 180, 0 миң сом акча каражаты буйруктун негизинде фракция депутаттары шайлоо алдындагы наказдарын аткарууга жумшашты. Мындан сырткары ар бир фракция шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелери болгон таза суу, ички көчөлөрдү оңдоп түзөө, социалдык жактан муктаж жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү, бала-бакчаларга жардам көрсөтүү ж.б жумуштарды аткарып келишүүдө. Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чарага да шаардык Кеңештин резервдик фондусунан акча каражаты бөлүнүп, жалпы Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан шаардын маарекесин уюштуруу иштерине жакындан жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары 2013-жылдын аягында өткөрүлгөн шаардын “Көгүлтүр от”майрамында жылдын мыктыларына шаардык Кеңештин резервдик фондунун эсебинен акча каражаттар бөлүнүп, баалуу белектер алынды.Нарын шаарында шаардык билим берүү тармагынын уюштуруусунда мугалимдер арасында өткөрүлүп жаткан спорт оюндарына, шаарыбыздын жаш спортчуларына жана шаарда өтүп жаткан спорттук оюндардын , улуттук оюндардын мелдештерине колдоо көрсөтүүдө, медицина тармагында өткөрүлүп жаткан ар кандай иш чараларга (24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө, 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата), ар кандай олимпиядалык мелдештерге катышып жаткан жаш өспүрүмдөргө, кароо сынактарга катышып жаткан шаардык мекемелерге, шаардык Кеңештин резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүүдө.
Мындан сырткары канча жылдан бери шаардык Кеңештин чечилбей келе жаткан маселесинин бири болгон, шаардык Кеңеште кабыл алынган токтомдордун шаар тургундарына жарыялоодо, кабыл алынган токтомдун юридикалык күчкө ээ болуусуна шарт түзүү максатында Нарын шаардык Кеңешинин атайын веб-сайтын ачууга резервдик фонддон акча каражаты бөлүнүп 2013-жылдын август айынан бери naryn-kenesh.kg веб-сайты аркылуу шаар тургундары кабыл алынган токтомдор менен таанышууда.2013-жылдын июнь айынан бери электрондук почта кызматы ишке киргизилип, иш алып барылууда.
1013-жылы төрага жана шаардык Кеңештин депутаттары шаардын эли, мекеме ишканалар, коомдук уюмдар менен 47 жолугушууларды өткөргөн жана катышкан. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары USAID программасы менен биргеликте тыгыз байланышта кызматташунун алкагында Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залы толук ремонттон өткөрүлүп, заманбап инвентарлар жана техникалык жабдыктар менен камсыз болгон.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союузу менен биргеликте коомчулук менен депутаттардын ортосунда маалымат алмашууну чыңдоо, маалыматка жетүү максатында бир катар семинарлар өткөрүлгөн.
2013-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети менен Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жана Нарын шаардык Кеңешинин биргелешкен кѳчмѳ жыйыны өткөрүлүп жыйында Нарын шаарында ыплас сууларды кабыл алуучу жайдын курулуш ишин баштоо боюнча жана таза суу маселеси боюнча бир катар маселелер каралды.
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы депутаттарынын аткарып жаткан иштери боюнча Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Турсуналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Турсуналиевдин шаардык Кеңештин жыл ичинде аткарылган иштери жөнундөгу сессияда берген маалыматы эске алынсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдорунун жеринде аткарылышын камсыз кылуу жана ага көзөмөлдүктү күчөтүү шаардык Кеңештин туруктуу комиссиияларына жана аппаратына тапшырылсын.
3. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары эл өкүлү катары шаардын жергиликтүү маанидеги маселерин чечүүдө шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп туруу, алардын көйгөйлүү маселелерин шаардык мэрия жана ага тиешелүү мекемелер менен биргеликте чечүү депутаттардын башкы милдети деп белгиленсин.
Фракциялардын шайлоо алдындагы депутаттык наказдарын аткаруу боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп туруу жагы фракция лидерлерине тапшырылсын.
4. Нарын шаардык Кеңешине шаар тургундарынан келген арыз даттанууларды, мекеме ишканалардан келген сунуш каттарды кайрылууларды өз убагында карамагына таандык туруктуу комиссиялар менен биргеликте карап, тиешелүү жоопторду берүү, шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияларга