НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 10 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ          КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН

№ 10 ТОКТОМУ    

29-октябрь 2013-жыл                                                                                           Нарын шаары

 

                                   Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына депутаттык төш                                                    белгисин жана күбөлүгүн кайрадан жазатуу жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин жалпы депутаттары Борбордук  Шайлоо Комиссиясы тарабынан Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарына берилген төш белгилер, күбөлүктөр сапатсыз, ылайыксыз жазалгандыктан, көпчүлүгү  жараксыз болгондугуна токтолушуп, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына жаңы үлгүдөгү төш белгисин жана күбөлүгүн кайрадан жазатуу керектигин белгилөө менен Нарын шаардык Кещешинин сессиясы                                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Нарын шаардык Кеңешинин жалпы 31 депутаттын сунушу менен Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына жаңы үлгүдөгү төш белгилерин жана күбөлүктөрүн жазатууга макулдук берилсин.

2. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына жаңы үлгүдөгү төш белгисин жана күбөлүгүн жазатуу Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.

           

 

              Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн  : иш кагазга.

Обсуждение закрыто.