НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН

№ 5 ТОКТОМУ      

   29-октябрь 2013-жыл                                                                                                                               Нарын шаары

Нарын троллейбус ДЭПОсунун финансылык абалы жөнүндө

            Нарын троллейбус ДЭПОсунун 12 кызматкер жумушчулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык Кеңешине, Нарын шаардык сотуна, прокуратурасына арыз-даттануу менен кайрылышкан. Анда айлык акысы убагында берилбегендиктен, нааразычылык күчөп, ишти токтотуу абалына келгени, жетекчиликтен талап кылынса дагы, натыйжа чыкпагандыгы жана айлык акысын жашоо турмуштун минималдык өлчөмүнө жетпей тургандыгын көрсөтүү менен 3 талапты коюшкан. Алсак, айлык акыны ай сайын кечиктирбестен төлөп берүү, айлык акыны жашоо денгээлине жеткирүү жана мурунку айлык акыны толугу менен эсептеп, төлөп берүү. Нарын шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо , Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы катта көрсөтүлгөн көйгөйлүү маселелерди жеринде карап чыгышкан. Норма боюнча 1 троллейбус 1 күндө 10 рейс жазаш керек болсо , азыркы күндө 5-6 рейс гана жазалат. Күнүгө 1 троллейбустан 800 сомдун тегерегинде акча каражаты түшөт. Троллейбуска негизинен мектеп окуучулары, пенсионерлер , студенттер түшөт. 1-4 класска чейинки окуучулар жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекер түшүшөт, аларга жергиликтүү бюджеттен 170 миң сом акт-сверканын негизинде  которулуп берилет.                                Мекеме 2013-жылдын 1-сентябрына карата айлык акыга 171,8 миң сом, социалдык фондго 333,6 миң сом, салыкка 333,6 сом, мунун ичинен тууму 228, 5 миң сом,  электр энергиясына 781,6 миң сом, мунун ичинен тууму 318,7 миң сом карыз,   же жалпы карызы 1 млн 672,3 миң сомду түзөт. Мекеме жетекчиси жумушчу кызматчыларга 8 айдан берки айлык акысын бере алган эмес. Жумушчу кызматчылардын орточо  бир айлык акысы 22067   сомду, бир кызматкердин орто бир айлыгы 2450 сомду түзөт. Ал эми мекеменин жетекчилигинен  суралган айрым  маалыматтар  өз убагында берилбей, кош көңүл мамиле жасалган. Жогорудагыларды белгилөө менен жана туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, талкуулап шаардык Кеңешинин сессиясы    

                                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.«Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы   Б.Балбаевдин билдирүүсү эске алынсын .                          2.Нарын троллейбус ДЭПОсунун начальниги Ж.Осмоналиевдин жумушчу кызматчыларга  эмгек  акыларын  төлөп берүүдө, мекемелерге болгон карыздарды жоюга  жеткиликтүү иш аракеттерди көрбөгөндүгү белгиленсин.

Нарын троллейбус ДЭПОсунун эмгек жамаатынын  8 айдан бери берилбей келген эмгек акылары  жана электр энергиясына болгон карыздары  жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилип берилгендиги  эске алынсын.

3.Нарын шаардык Кеңешинин сессиясынын атынан  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Нарын троллейбус ДЭПОсунун шаардык салык башкармалыгына жана Нарын райондук социалдык фондусуна болгон  710,0 миң сом      карызын жаап            берүү  боюнча атайын кат жөнөтүлсүн.

4. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсунун финансылык оор абалын эске алуу менен   корголуучу статьяларына  (защищенная статья)  жергиликтүү бюджеттен каржылоо жана шаардык транспорт департаментинин жоопкерчилигине алып иштетүү боюнча сунушту 2014-жылдын бюджетине киргизүү Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) милдеттендирилсин.    

 

            Төрага                                                                                                          Э.Турсуналиев  _________________________________________________________________________                                               

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, КР Өкмөтүнө, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө, Нарын троллейбус ДЭПОсуна.

Обсуждение закрыто.