НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ       

29-октябрь 2013-жыл                                                                                            Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин  10-июль 2013-жылдагы   VII сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы  жөнүндө  Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана облустук  турак-жай жарандык курулуш департаментинин  билдирүүлөрү

                 Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылштагы  VII сессиясынын №1 токтому менен Өзгөчө  кырдаалдарды   жана ар кандай  табигый  кырсыктарды  алдын алуу жумуштарын  уюштурууда,  табигый  кырсыктардан  жабыр  тарткан  жарандардын  турак  жайларына  мамлекет  тарабынан  ссудалардын  берилиши  боюнча  Нарын  шаардыгы  өзгөчө  кырдаалдар  бөлүмүнүн  жүргүзүп  жаткан  иштери  жөнүндө маселе каралган.  Сессияда депутаттардын сунушунун негизинде  шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана турак –жай жарандык курулуш департаментинин Нарын облустук өкүлүнө  бир катар иштерди аткаруу боюнча токтом кабыл алынып,  аткарылган иштин жыйынтыгы  боюнча шаардык Кеңештин кийинки сессияларында билдирүү берүүсү тапшырылган.                                                                                                                   Жалпысынан 2013-жылдын 19-майында жана  23-июнунда болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен  1105,8 миң сомдук зыян келтирилип, 7 социалдык обьекти,11 көп кабаттуу, көп батирлүү турак жайлар, 29 жеке менчик турак жайлар, 7 чарбалык курулуштагы обьектилер  жабыр тарткан.Алсак 2013-жылдын  19-майындагы каттуу шамалдын кесепетинен 955,2 миң сомдук материалдык  зыян  келтирилсе, ага  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 787 даана шифер же  218,0 миң сомдук материалдык жардам берилген.Тактап айтканда  И.Раззаков көчөсүндөгү №21 үйгө 420 даана ,   С.орозбак №17 көп кабаттуу турак жайдын №5, №6 квартираларына 10 даана, Ленин көчөсундөгү №19 көп кабаттуу  үйгө 6 даана, мындан сырткары  жеке менчик 26 турак жайга 351 даана шифер берилген. Ал эми 23-июндагы  каттуу шамалдан 1 социалдык обьекти, 3 көп кабаттуу турак жайлар, 2 жеке  менчик турак жайлар, 1 чарбалык курулуш жайы  жабыр  тартып , 150,6 миң сомдук зыян келтирилген. Аларга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 175 даана шифер, же 48,5 миң сомдук материалдык жардам  берилген.                                                                                       Нарын облустук турак-жай жарандык курулуш департаменти 2012-жылы Нарын шаары боюнча жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 71 жарандарга узак мөөнөттүү кайтарымдуу жана кайтарымсыз ссудага сертификат Мыйзам чегинде таратылып берилген. Мунун ичинен 37 жаран узак мөөнөтүү кайтарымдуу 200,0 миң сомдук сертификат, 34 жаран  50,0 миң сомдук кайтарымсыз ссудаларга сертификат алышкан. Ал эми 2013-жылы 67 адамга сертификаттары жаңы келип берилүүдө.Азыркы учурда шаар боюнча 362 жарандар жардамга муктаж. Бүгүнкү күндө кайтарымдуу ссуда ирээтинде   берилген каражаттын 900,0 миң сому  жарандар тарабынан кайтарылып бериле элек.                                                                                                                          Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы  VII сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыраевдин жана турак-жай жарандык курулуш департаментинин Нарын облустундагы өкүлү Н.Өмүракуновдун билирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы  VII сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Д.Абдраевдин жана турак-жай жарандык курулуш департаментинин Нарын облустундагы өкүлү Н.Өмүракуновдун билирүүлөрү эске алынсын.

2.      Ар кандай  жаратылыш кырсыктарды алдын алуу боюнча чараларды к=ръъ   Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө (Д.Абдраев) жана табигаттын ар кандай кырсыктарынан жабыр тарткан шаардын турак жай ээлерине кайтармсыз жана кайтарымдуу ссудалар менен өз учурунда камсыз кылуу жагы  Нарын облустук турак-жай жарандык курулуш департаментине (Н.Өмүракунов) милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                                                                Э.Турсуналиев 

 

_____________________________________________________________________ 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө,   турак-жай жарандык курулуш департаментине

Обсуждение закрыто.