НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ       КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН       № 2 ТОКТОМУ      

   29-октябрь 2013-жыл                                                                                            Нарын шаары

              Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык  жашылдандыруу мекемесинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

             Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин балансасында жалпы аянты 170 гектарды түзгөн  5 парк, 5 сквер жана 1 питомник бар. 2013-жылга карата мекемеге жергиликтүү бюджеттен 4108,0 сом акча каражаты каралып, мунун ичинен эмгек акыга 2417,6 миң сом, социалдык фондко 417,4 миң сом, командировкалык чыгымдарга 20,0 миң сом, электр энергияга жана байланыш кызматына 156,0 миң сом, транспорт чыгымдарына 97,0 миң сом, ар кандай чыгымдар 1000,0 миң сом бөлүнсө, 2013-жылдын 1-сентябрына карата жалпы  3877,9 миң сом акча каражаты каржыланып, мунун ичинен эмгек акыга 2150,0 миң сом, социалдык фондго 339,6 миң сом, командировкалык чыгымдар үчүн 14,0 миң сом, электр энергия жана байланыш кызматы үчүн 91,4 миң сом, ар кандай чыгымдар үчүн 1177,9 миң сом акча каражаты пайдаланылган.

Шаарды көрктөндүрүү иштери апрель айында башталып  шаар ичине 3,0 миңден ашык тал-теректер, карагай көчөттөрү көчө жээктерине жана парктарга отургузулган. Мындан сырткары шаар ичине 77,2 миң сомго 6,0 миңден ашык гүл көчөттөрү отургузулган.Жаз айларында 15 км ден ашык арыктар, мурунку суу чыкпай калган өтөөлдөр  атайын уюштурулган ишембиликтердин негизинде тазаланган.

Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата  жаз айларында 45   карагай көчөттөрү отургузулуп, 145 жылдыка карата  64 аймагынан Борбордук аянтка чейин 7200 метр арыктар тазаланып,  “Ж.Акималиев” паркы кайрадан толук реконструкциядан өткөрүү боюнча жергиликтүү бюджеттен 1387,0 миң сом каралып,  538 метр жери темир тосмо менен тосулуп, 409 метр жери тор тосмолор менен тосулган.Мындан сырткары 3-4 жылдан бери ишке киргизилбей келген скважина тазаланып 125,0 миң сомго насос алынып келип суу чыгарылган. “ Ж.Акималиев” паркынын ичине 20 светильник, 24 фонарь, 24 отургуч жана 20 урна жазалып коюлган. Демөөрчүлөрдун жана жашылдандыруу мекемеси биргеликте паркка 415,0 миң сомго 718 чарчы метрге брусчатка төшөлгөн. Мекеме тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, 1-топтогу эмгектин майыптарына бекер отун берилет.  Быйылкы жылы Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, суу тамган чатыры толугу менен алмаштырылган.

Жогорудагы аткарылып жаткан иштер менен катар мекемеде көйгөйлүү маселелер жана бир катар кемчиликтер орун алган. Мисалы парктардагы тосмолордун жоктугунан жаз айларында отургузулган бак-дарактардын көчөттөрү өз деңгээлинде өсүп жетилбестен шаар тургундарынын  малдары кирип зыян келтирилүүдө. Бул жумуштарды аткаруу жылына кайталанып финансы каражаттары да ушул жумуштарга эле жыл сайын кайталанып каржыланат. Айрым парктарда, көчө жээгиндеги бак дарактар  убагында сугарылбайт. Шаарыбызды жашыл шаар, көрктүү шаар кылууга  шаардык мэрия тарабынан толук көңүл бөлүнбөй келүүдө.

Нарын шаарындагы “Алма Бак” элдер эс алуучу паркы 3 жыл мурун шаардык бюджеттин, мекемелердин жана жеке ишкерлердин эсебинен кайрадан реконструкциядан өткөрҮлҮп, жеке адамдар тарабынан парктын ичине балдар ойноочу оюнчуктар орнотулган. Бирок, ошол жылдан бери паркка 5 штаттык бирдик жергиликтүү бюдеттин эсебинен кармалып, бюджетке бир дагы сом пайда алып келбеген же паркты иштеткен юридикалык жак, аренда төлөбөй келген. Мекеме аренда алуу боюнча чара көргөн эмес.

Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык  жашылдандыруу мекемесинин жүргүзүп жаткан иштерин угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө шаардык жашылдандыруу мекемесинин  билдирүүсүн эске алуу менен айрым иштерге толук көңүл бөлүнбөй жаткандыгы белгиленсин.

2.      Нарын шаарындагы “Алма-Бак” паркына жергиликтүү бюджеттин эсебинен иштетүүгө каралган ашыкча штаттык бирдиктерди кыскартуу, 1 (бир) гүл өстүрүүчүнүн 1 штаттык бирдигин 2014-жылдын бюджетине сунушто, жана паркты иштетип жаткан юридикалык жактан аренда акысын алууну чечүү Нарын шаарынын 1-вице мэри А.Сурановго, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси А.Токоновго милдеттендирилсин.

3.      Нарын шаарынын элине жашылча, жемиштерди жана гүлдөрдүн көчөтөрүн отургузуп, өстүрүп сатууну уюштуруу максатында “Теплицанын” сметалык проектисин түзүп, шаардык Кеңешке сунуш берүү Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси А.Токоновго тапшырылсын.

4.      Нарын шаарын жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө шаардын көрүнүкүү жерлерине жылдын төрт мезгилинде көрк берип туруучу карагай көчөттөрү отургузулсун.

5.      Шаардык мэрия (А.Суранов)  жана   жашылдандыруу мекемеси  (М.Токонов) тарабынан шаардагы парктардын айлана тегерегин  тосуу иштери колго алынып, жыл сайын тигилип жаткан бак-дарактарды корууга көңүл бөлүнсүн.

6.      Жергиликтүү бюджеттен “ ар кандай чыгымдар”статясына  бөлүнгөн акча каражаттар өз максатында сарптоо менен   көрүнүктүү иштерди аткарууга жумшоо Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине  (М.Токонов) милдеттендирилсин.

7.      Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин техникалык жабдууларын алууга, жаз айларындагы шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө карата акча каражаттарын толук эсептеп 2014-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө шаардык Кеңешке сунуштоо жагы шаардык мэрияга (А.Суранов)  жана жашылдандыруу мекемесине (М. Токонов) тапшырылсын.

                 Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

____________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, жашылдандыруу мекемесине

Обсуждение закрыто.