НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                   НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                   

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIV  СЕССИЯСЫНЫН

№  2 ТОКТОМУ

24-август 2015-жыл                                                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаарынын айрым мекеме- ишканаларына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

   Нарын шаарынын мэрии, айрым мекемелердин жетекчилери Нарын шаардык Кеңешине  аткарылган жана аткарылуучу иштерге жергиликтүү бюджеттен акча каражатын сурап каттар менен кайрылышкан. Шаардык Кеңешке келип түшкөн каттар 13-август 2015-жылы шаардык Кеңештин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, туруктуу комиссиянын №33 Протоколу  менен айрым мекемелерге акча каражатын чечүү жагы  шаардык Кеңештин кезектеги  сессиясынын кароосуна сунушталган. Алсак, Нарын шаардык билим берүү бөлүмү  Нарын шаарындагы мектептердин ремонтуна кошумча  300,0 миң сом, МэрсиКО уюуму тарабынан шаардын 4 мектебине азык тулук продукцияларын ташып келүүгө42,0 миң сом, Ленин көчөсүндөгү Нарын мамлекеттик университетинин санэпидтеги корпусунан Таалай көчөсүнө чейинки «Түндүк» тарабындагы тротуарга брусчатка плиткаларды төшөөгө «Таза-Нарын» ишканасын 482 700 сомду,  Нарын суу-канал ишканасы Нарын шаарындагы жаңыдан асфальталып жаткан Ленин, Шуллер, Андабеков жана Орозбаков атындагы көчөлөрдүн жараксыз суу люктарын жазоого 489 900 сом жана ,  Московский аймагындагы жаңы конуштардын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында эски 1980-1990-жылдары курулуп, иштебей турган суу кудугун (скважина) калыбына келтирүүгө  486 263 сом, шаардык мэрия Нарын суу канал ишканасына «Беларус» экскваторун  (1,6 млн. сом) жана ширетүүчү аппараттын (261,4 мин сом) АРИС программасы аркылуу сатып алуу үчүн 10 пайыздык өздүк салымы үчүн 186139 сом жана Нарын шаардык Кеңештин, мэриянын аппарат кызматкерлерин КРнын эгемендүүлүк күнүнө карата сыйлоого 310 000 сом сурап кат менен кайрылышкан.

       Шаардык Кеңештин депутаттары  «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Ж.Ботокановдун сунушун угуп, талкуулап шаардык Кеңештин сессиясы 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык Нарын шаарынын мектептеринин ремонтуна кошумча 300,0 миң сом, Мэрси КО уюуму тарабынан шаардын 4 мектебине азык тулук продукцияларын ташып келүүгө 42,0 миң сом, Таалай көчөсүнүн «Түндүк» тарабындагы тротуарга брусчатка плиткаларын төшөөгө «Таза-Нарын» ишканасына 482 700 сом, шаардын Ленин, Шуллер, Андабеков жана Орозбаков атындагы көчөлөрдүн люктарды кайрадан жазоого 489 900 сом жана Московский аймагындагы жыш жайгашкан жаңы конуштарын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында, эски суу кудугун (скважина) калыбына келтирүү жумуштары үчүн Нарын суу-канал ишканасына 486,3 миң сом, Нарын суу-канал ишканасына  АРИС программасы аркылуу «Беларус» экскваторун ,  ширетүүчү аппаратын сатып берүүгө10 пайыздык өздүк салымы үчүн шаардык мэрияга 186 139 сом, шаардык Кеңештин, мэриянын кызматкерлерин сыйлоого 310 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар статьясынан  бөлүнүп берилсин.
  2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемелерге которуп берүү жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө Ж.(Үрүстөмов) милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                     Төрага                                                                   Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

           Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө                                            

Добавить комментарий