НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                                  НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                            

                                          XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX I  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                                    №  4 ТОКТОМУ

28-октябрь   2015-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин шаардын элин медициналык тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө

 Нарын шаарынын  калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды  Үй бүлөлүк медицина борбору, 5 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу жана тез жардам станциясы көсөтүшөт. Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунда 46 дарыгер, 98 орто медициналык кызматкер эмгектенет. Жалпысынан алганда үй бүлолүк медицина борборуна 20 дарыгер жетишпейт.                               2015-жылдын 9 айында ҮМБнун матариалдык- техникалык базасын чыңдоого ОМСтин эсебинен 254 075  сомго медициналык жабдуулар, 365 600 сомго инструменттер, компьютер принтери менен 30 000 сомго жана 448 611 сомго дары дармектер алынган.                            “Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы” боюнча амбулатордук шартта бекер дары-дармек менен камсыз кылуу  максатында бронхиалдык астма, психикалык эплепсия жана онкологиялык ооруларына 384 рецепттер жазылып 341 302 сомго бекер дары-дармектерди алышкан.Милдеттүү медициналык кошумча пакет программасынын негизинде 4119 рецепт жазылып, ФОМС тарабынан 998717,91 сомго оорулардын дары-дармектери үчүн кошумча каржыланып берилген.                                                                                      15-октябрь 2012-жылы Саламаттык Сактоо Министирлигинин №561 буйругунун негизинде кундүзгү бөлү ачылып, 2015-жылдын 9 айында 208 оорулу жатып дарыланып чыккан. Нарын шаарынын калкынынын ичинен 27189 адам медициналык  камсыздандырылган. Анын ичинен 14 жашка чейинки балдар- 11688,  5 жашка чейинки балдар -4767,  1 жашка чейинки балдар-910, төрөт жашындагы аялдар -9577ни түзөт.                                                          ОблустукҮМБда  жана ҮДТда 2015-жылдын 9 айында 121009 кабыл алуу  болсо, 2014-жылы 108251 болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 12758 ге кабыл алуу көбөйгөн.                   2015-жылдын 9 айына карата Нарын шаарында 793 бала төрөлсө, 2014-жылы 814 бала төрөлгөн. Анын ичинен өлүү төрөлгөнү 5 болсо, 2014-жылы 8 болгон.2015-жылы 14 жашка чейинки өлгөн балдардын саны 18 болсо, 2014-жылы 20 бала болгон.Кош бойлуу аялдардын саны 2015-жылдын 9 айына карата 855 ти түзөт.                                                                                    2015-жылдын январь айынан баштап Саламаттык сактоо министирлигинин №578 буйругунун негизинде  Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун курамында иштеп жаткан тез жардам болүмү экиге бөлүнүп, Нарын шаарынын калкын 1 бригада  тез жардам кызматы менен тейлейт.2015-жылдын 9 айына карата 4587 чакыруу болсо, 2014-жылы 5849 чакыруу болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1292ге аз чакыруу болгон.            Жугуштуу оорулар боюнча Нарын шаарында  ичеги карын оорулары 2015-жылдын 9 айында   2014-жылдын 9 айына салыштырмалуу 225 учурдан 267 учурга көбөйгөн.Мунун ичинен 14-жашка чейинки балдардын оррусу көбүрөөк катталган.Кызамык оорусу 2014-жылга салыштырмалуу 114 учурга көбөйгөн.Бурцеллез оорусу 2015-жылдын 9 айына карата 19 учур катталса, 2014-жылы 16 учур катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 кө көбөйгөн. Ал эми сарык оорусу 2015-жылдын 9 айына карата  22 учур катталып, 2014-жылдын 9 айында 49 учур болуп, 27 учурга азайган. Мунуничинен сарыктын “А” түрү боюнча 29 учурга азайган.                                   Кургак учук оорусу боюнча Нарын шаарында 2014- жылы 36 болсо, 2015-жылы 20 болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 16 ооруга азайган. Мунун ичинен балдардын кургак учук оорусу 1 учур катталган. Эгер жаш өзгөчөлүгү менен алганда бул оору менен ооругандар 15 жаштан 50 жашка чейинкилерге туура келет. Ал эми кургак учуктун структурасын алып караганда кургак учуктун жугуштуу түрү 10 учур.2015-жылдын 9 айына карата флюрографиялык изилдөөдөн 5667 пациент өтүп, анын ичинен 53 ү флюроположительный деп табылып, 45 пациент изилдөөдөн өтүп, 3 оору кургак учук оорусу деп табылган. Баардыгы болуп 1976 балага проба Манту жасалып, балдар арасында  1 кургак учук оорусу табылды.

Жалпы Нарын шаары боюнча кургак учук оорусу боюнча 104 оору каттоодо турат, мунун ичинен 20 сы жаңы табылган оору, 5 рецедив, учеттон чыккандар8 анын ичинен 6 сы каза болгондор, болсо, кургак учуктун туруктуу түрү менен  2015-жылы 4 оору катталган. Туруктуу Кургак учук оорусу менен ооруган оррулаларга ПРООН арыклуу ай сайын 800 сом олчомундө акча каражаты берилип турат. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2015-жылга карата кургак учук менен ооругандарга 40000 сом акча каражаты берилген.                                                           Тери-венерикалык оорулары 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылдын 9 айында аз катталган.Ал эми психатрия наркология кызматы боюнча 2014-жылга салыштырмалуу 17 ооруга көп катталган.Алкоголизм боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 2 учурга көбөйсө, наркомания боюнча 2014-жылы 9 болсо, 2015-жылдын 9 айына 8 учур болгон. УЗИ кабинети боюнча Нарын шаарында үстубуздөгү жылдын 9 айында 3974 изилдөө жүргүзүлсө 2014 жылы 3787 же 187 изилдөөгө аз жазалган.Рентген изилдөөсү былтыркы жылы 6285 адамга жургузүлсө, быйылкы жылы 5717 адамга жүргүзүлгөн.Лаборотория кабинети боюнча 117 638 изилдөө жүргузүлсө, 2015-жылы 122762 изилдөө болуп, 5124 гө көп болгон.Физиотерапия кабинети 4949 жасоо менен норма нагрузкасы 146,3 пайызга аткарышкан.                                                                  Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери  шаардык мекеме-ишканлар менен  биргеликте “Ден соолук үчүн аракеттер” программасынын алкагында “Эхинококкоз деген эмне жана анын кантип анын алдын алуу керек”, “Кызамык оорусун алдын алуу”, “Кургак учукту алдын алуу”, “Кургак учук айыгат” “Ден-соолук”, “Сапатсыз тамак аштан сактануу”, “Кош бойлуу мезгилиндеги туура тамактануу жана аз кандуулукту алдын алуу” жана башка темалардагы семинарлар, тегерек столдор,  теле берүүлөр уюштурулган. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын ден соолукка байланыштуу бир катар Мыйзамдарын ишке ашыруу максатында иш аракеттерди көрүү менен ар кандай спорттук иш чаралар өткөрүлгөн.                                     Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун 2013-2015 жылдарда аткарылган иштери боюнча маалыматы боюнча  борбор Кыргыз Республикасынын ВИЧ/ СПИД жөнүндө Мыйзамдарынын жана Өкмөттүн  оорусун алдын алуу борборунда 6 дарыгер, 8 орто медициналык  токтомдорунун жана саламаттык сактоо министрлигинин бир катар буйруктарынын негизинде иш алынып барылат.Облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун материалдык техникалык базасын жакшыртуу максатында бир катар иштер аткарылып орк техникалар, жабдуулар, жумшак жана катуу инвентарларды сатып алуу,терезе эшиктерди алмаштыруу, дарыкана жабдууларын алуу жана ремонт иштерин жургузүү боюнча бир катар иштер аткарылган.Мындан сырткары Эл Аралык уюмдар жана борбор аркылуу замандын талабына ылайыктуу диагностикалоону жана дарылоону жакшыртуу максатында тест системалары жана пробиркалар сатылып алынган.                                                            ВИЧ\СПИД  оорусун алдын алууда борбордо 6 дарыгер, 8 орто медициналык кызматкер эмгектенет.2013-жылдын апрель айынан баштап ооруларга көзөмөлжүргүзүү максатында электрондук көзөмөлжүргүзүү программасы ишке киргизилген.                                                         Жалпы Республика боюнча 2015-жылдын 9 айына карата 6238 ВИЧ- инфекциясын алып жүрүүчүлөр,795 СПИД оорусу менен ооругандар катталып, 1254 адам каза болсо, анын 397си СПИДтен каза болгон.                                                                                                               Нарын облусунда ВИЧ-инфекциясынын таралышы 2015-жылдын 9 айына карата интенсивдик көрсөткүч 100 000 калкка 34,2 пайызды түзүп, төмөнкү деңгээлде турганы менен акыркы жылдарда ВИЧ-инфекциясын алып жургөн адамдардын саны көбөйүүдө. Облус боюнча ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөр 94 болсо, Нарын шаары боюнча 12 учур, жаңы табылганы 1 учур.                                                                                                                                                       Нарын шаардык Кеңешинин 2015-жылдагы бекитилген иш планына ылайык Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин шаардын элин медициналык тейлөөдө аткарып жаткан иштерин шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы жеринде көрүп, Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин шаардын элин медициналык тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө  Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору  М.Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын калкына медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдө  үй бүлөлүк медицина борборунун жана медицина тармактарынын  аткарып жаткан иштери боюнча Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору  А.Алияскаровдун билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаарынын калкына  медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдө Нарын облустук  үй бүлөлүк медицина борборунун директору  М.Алияскаровго төмөндөгү иштерди аткаруу милдеттендирилсин.
  • үй бүлөлүк дарыгерлер менен тез жардам дарыгерлери жана оорукана дарыгерлеринин ортосунда байланышты жакшыртуу, элди тейлөөнүн сапатын көтөрүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;
  • Нарын шаарында мектеп окуучулары жана бала бакчаларда алгачкы медициналык көзөмөл жүргүзүү менен ичеги карын, бурцеллез, сарык, кызамык  жана башка жугуштуу ооруларды алдын алууга карата алгылыктуу иш аракеттерди көрүү;
  • Нарын шаарынын элинин саламаттыгын сактоо багытында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте жугуштуу оорулардын таркалышына жол бербөө максатында оорулунун абалынын оордугуна жана эпидемиялогиялык көрсөткүчкө жараша аны стационарга жаткыруу же үйдөн дарылоо, үй-бүлө мүчөлөрүнө текшерүүлөрдү жүргүзүү, инфекциянын тарап кетишине карата коопсуздук чараларды көрүү, кайрылган бейтаптарга сылык мамиле кылуу жагы;
  • Акыркы мезгилдерде улам жогорку көрсөткучкө жетип бараткан элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизип жыйынтыгы өлүм коркунучуна алып келип жаткан ВИЧ\СПИД ооруларын жана кургак учук ооруларын алдын алуу боюнча ар кандай иш чараларды, семинарларды, тегерек столдорду, теле берүүлөрдү уюштуруу менен алгылыктуу иш аракеттерди көрүү ;
  1. Шаардык билим берүү бөлүмү, мектеп директорлору, бала-бакчалардын жетекчилери тарабынан сарык, кызамык, ичеги карын  ооруларын алдын алуу боюнча тиешелүү деңгээлде чараларды көрүү менен санитардык, гигиеналык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
  2. Тез жардам кызматын чакырган ооруларга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүүдө  барган учурда, Нарын шаарында көчөлөрдүн аты  жана үй номерлеринин так болбой, убара кылып жаткандыгын эске алуу менен  Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) тиешелүү мекемелерге тапшырма берүү менен көчөлөрдүн атын жана үй номерлерин 2016-жылдын 1-январына чейин  тактап чыгуу жагы милдеттендирилсин.
  3. Нарын шаарынын РТС аймагындагы ФАПтын алдына шагыл төгүлбөй жылдын жаз, күз айларындагы жааган жамгыр сууларынан  элдин кирип чыгуусуна ыңгайсыздык жаралып жаткандыгына байланыштуу, шагыл төктүрүп, түздөп берүү иштери Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев) тарабынан колго алынсын.
  4. Нарын облустук бириктирилген ооруканасы (М.Атбаев) тарабынан оорулууларды кабыл алууда тез жардам кызматынын жана АДО бөлүмүнүн дарыгерлери ортосунда байланышты чыңдоо жагы, төрөт үйүнүн ашканасына инвентарларды жаңыртып берүү жана ушул эле төрөт үйүнүн  ажаатканасынын ичин заман талабына ылайык жасатып берүү жагы тапшырылсын.
  1. Нарын шаарында тез жардам кызматында азыркы учурда шаар элин тейлөөдө медицина кызматкерлеринин жана тез жардам автоунаасынын жетишсиздигин эске алуу менен кошумча штаттарды ачуу жана техникалар менен камсыздалышына иш аракеттерди көрүү Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору  А.Алияскаровго жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун директору З.Шамеева тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

                        Төрага                                                                            Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн:  иш кагазга, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, облустик бириктирилген ооруканасына, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна

Добавить комментарий