НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                              НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                              

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ   XXVII  СЕССИЯСЫНЫН

№  1 ТОКТОМУ

10-декабрь   2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарында диний иштер маселелери боюнча мектеп окуучуларына,  жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин арасындагы байланыштары жана тийгизген таасирлери

                      2014-жылдын 7-февралында  Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу”  Жарлыгы  чыгып, бул Жарлык 2013-2017-жылдар мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында  Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин  “ Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө” Чечимин ишке ашырууга багытталып,  Президенттин Жалыгы менен 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрдөгү мамлекеттик саясытынын Концепциясы бекитилген.

                         Концепциянын I  главасынын 1.2 бөлүмундө- Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты жана милдеттери — жарандардын жана  мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөө, диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча диний жана коомдук институттардын ишин адам укуктарынын жана дин тутуу эркиндигинин принциптеринин  негизинде натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу мамлекеттин дин аралашпаган конфессиялар ортосундагы өзүнө негизделген мамлекеттик- конфессиялык кызматташтыгынын оптималдуу моделин түзүүдө коюлган максатка жетишүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний уюмдары менен мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын базасын өркүндөтүү, толеранттуулук жана диний сабырдуулук, диндердин  радикалдашуусун жана экстремизмин болтурбоонун принциптерин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик билим берүүчүлүк, маданий жана маалыматтык саясаттын комплекстүү чараларын көрүү, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө, деструктивдуу жана радикалдуу агымдарга каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери камтылган.     Мындан сырткары Концепцияда  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан диний уюмдар менен бирдикте диний чөйрөдөгү кырдаалды гармонялаштырууда проритеттүү багыттар болуп, өз аймагында диний кырдаалга тиешелүү маселелерди кароо жана аны жакшыртуу үчүн зарыл чараларды кабыл алуу, диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын сунуштарын жана рекомендацияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ар бир калктуу конуштун аймагында диний билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу  белгиленген.                            Акыркы мезгилдердеги өлкөбүздө экстремистик көз караштагы  топтор түзүлүп, алар өзүбүздүн салттуу Исламдан башка диний түшүнүктөр менен элди үгүттөп, Республикабыздын айрым облустарынын жарандары  айрыкча жаш балдары Сирияга кетип, колуна курал кармашууда.  Чет өлкөлөргө окуу жайларга барып, окууну аяктагандан кийин окуган өлкөсүнүн идеологиясынын жана менталитетинин өкүлү, жайылтуучусу болуп, алардын жашоо мүнөзүн, маданиятын, сырткы келбетин, кийимин таңуулап, өлкөбүздүн айрым жарандары айрыкча жаштар аны тез кабыл алышууда.   Диндин радикалдашуусуна  белгилүү бир деңгээлде чет өлкөлүк диний –экстремисттик борборлордун жана уюумдардын таасири тийип, жаштардын  агымы  интернет колдонууга басым жасап, жеңил ойлуулук менен ар кандай кадамдарга барышууда.                                                                                                                                                                              Жогорудагы маселелер боюнча Нарын шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы   Нарын шаардык Кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планына Нарын шаарында диний иштер маселелеринин мектеп окуучуларына, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин арасындагы байланыштары жана тийгизген таасирлери жөнүндө маселени киргизип, бул маселе боюнча шаарыбыздын орто мектептерине, жогорку жана орто окуу жайларына атайын ананимдүү анкета берилип, 26-ноябрь 2015-жылы  Нарын облусунун казысынын,  шаардык билим берүү бөлүмүнүн, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, улуттук коопсуздук кызматынын, шаардык прокуратуранын, шаардык мэриянын   жоопту кызматкерлери жана туруктуу комиссиянын депутаттары менен биргеликте сессия алдындагы отурум болуп өткөн.                                                      Отурумда  диндин радикалдашуусуна же ар кандай  диний-экстремистик борборлордун, топтордун иш жүгүртүүсүнө бөгөт коюу, жаштардын ушул агымга кирип кетүү коркунучун алдын алуу максатында бир катар маселелер козголуп, бул үчүн өлкөбүздө  Ислам педагогикасын жана билим берүүсүн жакшыртуу, дин таанууну, диний маданиятты билүү, кыргыз элинин үрп -адат, каада-саалтын сактай билүү,  Имамдардын жана башка дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатында мыкты   теологдор менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелер айтылды. Мындан сырткары дин таанууну, диний маданиятты билүү үчүн орто мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларда жаш өспүрүмдөргө түшундүрүү иштерин көп жүргүзүүнү, алардын калыптанып келе жаткан психологиясын жакшы жакка бурууда үйдө ата эненин да чоң ролу бар экендиги  да айтылды. Айрым учурда динди бурмалоонун натыйжасында айрым адамдар медициналык кароодон өтүүдөн,  медициналык эмдөөдөн баш тартып  жатышкандыктары, мектеп окуучулар арасында мектеп формасынын сакталышы  жөнүндө айтылып,  бул иштерди аткарууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен  шаардык билим берүү бөлүмү, мектеп директорлору жана башка окуу жайлардын жетекчилери  тарабынан иш пландарды кабыл алуу менен тегерек столдорду, семинарларды өткөрүү сунуштары да белгиленди.                                                                                                                               

Нарын шаардык Кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планына ылайык  Нарын шаарында диний иштер маселелеринин мектеп окуучуларына,  жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин арасындагы байланыштары жана тийгизген таасирлери  маселеси боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы  Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Т.Арпачиеванын жана ушул маселеге тиешелүү чыгып сүйлөгөндөрдүн  билдирүүлөрүн, сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                ТОКТОМ          КЫЛАТ

  1. 2014-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу”  Жарлыгын,  Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин  “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө” Чечимин , Президенттин Жарлыгы менен 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында Нарын шаардык Кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планына ылайык  Нарын шаарында диний иштер маселелеринин мектеп окуучуларына,  жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин арасындагы байланыштары жана тийгизген таасирлери  маселеси боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы  Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Т.Арпачиеванын билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаарында диндин радикалдашуусуна же ар кандай диний-экстремистик борборлордун, топтордун иш жүгүртүүсүнө бөгөт коюу, жаштардын ушул агымга кирип кетүү коркунучун алдын алуу максатында Нарын шаардык мэриясында, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө, жогорку жана атайын  орто окуу жайларда, орто мектептерде атайын иш пландар иштелип чыгылсын жана иш пландарды  аткаруу колго алынсын.
  3. Нарын шаарынын жаштары, мектеп окуучулары арасында  Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан  Нарын  облусунун казысы, шаардын имамы  жана укук коргоо органдары менен биргеликте Ислам педагогикасын жана билим берүүсүн жакшыртуу, дин таанууну, диний маданиятты билүү, кыргыз элинин үрп -адат, каада-саалтын сактай билүү, рухий-адеп-ахлактык, жарандык-укуктук жана патриоттук маанидеги   ар кандай темадагы семинарларды, тегерек столдорду байма бай өткөрүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  4. Нарын шаарында динге ыгы жок берилип, милдеттүү медициналык эмдөөдөн баш тартып, балдарын да эмдөөгө алып барбай жаткан  жарандарга Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери тарабынан эмдөөнүн натыйжалары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алгылыктуу иш аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
  5. Нарын шаарындагы жогорку жана атайын окуу жайларында, орто мектептерде мугалим, ата-эне жана окуучунун ортосунда байланышты чыңдоо менен мугалимдер жана ата-энелер ортосунда окуучунун жүрүм туруму жана окуучунун бош убактысын туура пайдалануу боюнча көзөмөлдүктү үйдөн жана мектептен жүргүзүү боюнча алгылыктуу иш аракеттер көрүлсүн.
  6. Нарын шаарында диндин радикалдашуусуна же ар кандай диний-экстремистик борборлордун, топтордун иш жүгүртүүсүнө бөгөт коюу, жаштардын ушул агымга кирип кетүү коркунучун алдын алуу максатында, айрыкча жашы толо элек балдарга диний өзгөчөлүктөрдү таңуулоого болбой тургандыгын жана атайын бекитилген программанын негизинде мектептерге жана  атайын орто, жогорку окуу жайларга дин таануу сабактарын киргизип берүү, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик универститетине теология адистигин киргизүү боюнча окуу программасын бекитип берүү  боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча малекеттик комиссиясына, Кыргызстан мусулмандарынын  дин башкармалыгына шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан Кайрылуу жолдонсун.
  7. Кайрылуу катын даярдап жиберүү  жагы Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

              Төрага                                                                                      Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облусунун казысына, шаардын имамына, шаардык билим берүү бөлүмүнө

Добавить комментарий