НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
10-декабрь 2015-жыл Нарын шаары
Нарын шаарында муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө, муниципалдык жер тилкелерин пайдананууда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда берилген планды аткарууда Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2005-жылдагы №2 токтомуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын 2005-жылдын 19-июулундагы №341 буйругу менен түзүлгөн.Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде 41 обьекти, 39 инфраструктура бар. Бүгүнкү күндө оперативдик башкарууда жалпы 27 обьекти бар болсо,, алардын 8 орто мектеп,6 бала-бакча, өспүрүмдөр дене тарбия мектеби ( спорт школа), 10 мекеме ишканалар. 4 обьект ( шаардык мончо, обл.арх. УКС, автомектептин 1 бөлмөсү) чарба жүргүзүү укугу менен берилген, 39 инфраструктура (жолдор, аллея, скверлер, парктар, скважиналар (Водозабор), отканалар ж.б).Нарын шаарында 720 жер аянтын жана обьектини убактылуу пайдаланууга алып, ижара акысын төлөөчүлөр бар. Алсак, АЗСтын орду жана айланасын жашылдандыруу үчүн 8 жеке ишкер алган, гараж склад коюу үчүн 196 жашоочу, соода павильон, дүкөн орнотуу үчүн 307 жеке ишкер, жашылдандыруу, огород катары пайдалануу үчүн 188 жашоочу, автоунаа жуучу жайларды жайгаштыруу үчүн 4 жеке ишкер, рекламалык шит орнотуучу үчүн рекламалык агенттиктер 13 орунга, мобилдик түйүндөр үчүн антенна орнотууга альфателеком жана нуртелеком 6 орун.Мындан сыртары Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде Нарын шаарында муниципалдык жер аянттары такталып, бүгункү күндө шаарда бош турган жер аянттар(пустырь) -1 722 144 чарчы метр, ээси жок жер аянттар (безхоз)- 138 384 чарчы метр, скверлер 13223,46 чарчы метр, мүрзөлөр 199 108,7 чарчы метр, буги жолдор ( канатная дорога) 181 960, 63 чарчы метрди түзөт.
Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине 2015-жылдын 10 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше болугүн толтурууга карата 3 083 332 сом болсо, аткарылган план 3 307 776 сомго же 107,3 пайызга аткарылган.Мунун ичинен , жер аянтын ижарага берүүдөн план 2 916 666 сом болсо, иш жүзүндө 3 235 776 сомго же 110,9 пайызга, ал эми жер аянтын сатуунун планы 1 666 666 сом болсо, 72 000 сомго же 43,2 пайызга аткарылган. 2015-жылдын 10 айында аткарылган пландын ичинен 443 500 сому Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда рекламалык шиттерден түшкөн. Жалпы план 2015-жылдын 10 айында 2014-жылдын 10 айына салыштырмалуу 1 555 505 сомго ашык аткарылган. Мекеменин дебитордук карызы 01.11.2015-жылга карата жер аянтын ижарага берүүдөн 350,0 миң сомду түзөт. Нарын шаарындагы муниципалдык менчикке тиешелүү жер аянттарын ижарага берүү, жер аянттарын конкурс жана аукцион аркылуу сатуу, жеке менчик жер аянттарын турак үй салууга кезеги менен берүүгө Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясы менен 7 жолу отурум өткөрүлүп, жалпы 2015-жылдын 10 айына карата 71 маселе каралып, 14 адамга 5212,5 чарчы метр жер аянты убактылуу пайдаланууга ижарага берилген, 21 адамга 5347,34 чарчы метр жер аянты аукцион аркылуу убактылуу пайдаланууга берүү үчүн ММК берилген. 3 жер же 397,4 чарчы метр жер аянты аукцион аркылуу менчикке берилген, 30 маселе кароосуз калтырылган. ал эми жеке менчик турак үй курууга үчүн 2 отурумда 53 маселе каралып, 49 маселе канааттандырылып, 4 маселе канаттандыруусуз калтырылган. 9178,12 чарчы метр жер аянты убактылуу пайдалануу жана жашылдандыруу үчун 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Ашыкча жер аянты боюнча жалпы 64 адамга 16890, чарчы метр жер аянты боюнча билдирүүлөр берилип, сот органдарына 7 иш өткөрүлгөн .
Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 200 000 сом акча каражатына 5 жаңы аялдама жасалган. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен рекламалык такталарды орнотуу үчүн бөлүнгөн 461 300 сом акча каражатына архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздары даярдалып 7 рекламалык такта Ленин көчөсүнүн боюна жана борбордук базардын айланасына орнотулуп, шайлоо мезгилинде ижарага берилип, жергиликтүү бюджетке 187 500 сом, ал эми борбордук аянтты, стадионду ижарага берүүдөн 206 000 сом, футбол аянтчасынын тосмосун ижарага берүүдөн 50 000 сом түшкөн. 2015-жылдын 10 ай ичинде 25 сот процесси болуп, алардын ичинен 2 жарандык иш мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кеткен жер аянттарын муниципалдык менчикке кайтаруу, 5 жарандык иш мыйзамсыз курдуруп алган курулуштарды буздуруу боюнча 18 ар кандай талаш тартыш маселелер боюнча каралган.Мындан сырткары мыйзамсыз ээлеп алган жер тилкелерин бошотуу максатында 70тен ашуун билдирүү жана эскертүүлөр берилген. Борбордук базарды ирээтке келтирүү боюнча тиешелүү органдардан комиссия түзүлүп, базардын айланасын ирээтке келтирүү жана баш аламан соода кылууга бөгөт коюуга чаралар көрүлүп, Шуллер көчөсүндөгү жайма базарда соода кылган соодагерлерге түшундүрүү иштери жүргүзүлүп, башка жакка көчүрүлүп, жол бошотулуп бир катар иштер аткарылган. Нарын шаарынын баардык чөлкөмдөрүндө жеке турак жай үй ээлери өзү билемдике салып архитектуралык талаптарды аткарбастан жер аянтын кеңейтүү менен жолдун жээгине, тротуарга чейин кошумча тосуп алгандарга убагында чара көрүлгөн эмес. Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык Нарын шаарында муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө, муниципалдык жер тилкелерин пайдананууда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда берилген планды аткарууда Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси М.Мамбетакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарында муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө, муниципалдык жер тилкелерин пайдананууда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда берилген планды аткарууда Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси М.Мамбетакуновдун билдирүүсү эске алынсын.
- Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга берилген план — тапшырманы өз убагында аткарууну колго алсын.
- Нарын шаарында турак жай куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандардын арыздарын канаттандыруу же жер тилкесин сурап кайрылган жарандардын арызын жылына жараша кезеги менен кароо, алардын жашоо шартына көңүл бөлүү, социалдык жактан муктаждыгын эске алуу менен арызын канаттандыруу, “Бирдиктүү терезе” кызматынын ишине көңүл бөлүү, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясына” жана шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
- Нарын шаарында жеке менчик турак үй ээлери тарабынан архитектуралык талаптарды сактабастан, автоунаа жол жүргунчүлөрүнүн жол жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып, жер аянтын жол жээгине чейин кошумча тосуп алган жарандарга чара көрүү, Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
- Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасын азыркы учурдагы абалын сактоо менен ирээттүү кармоо жана соодагерлердин жайма базар уюштуруусуна бөгөт коюуга ыкчам иш аракеттерди көрүү Нарын шаардык мэриясына, шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
- Шаар ичине ар кандай жарнамалык такталарды орнотуучулар менен келишим түзүүдө бирдей стандарттык калыпты сактоо менен орнотуу жагын келишимге көргөзүү Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
- Шаар ичинде жайгашкан, шаардын көркүн бускан, стандартка туура келбеген жарнамалык такталарды алдыруу же кайра жазатуу жана борбордук көчөдө шаардын көркүн бускан кичи дүкөндөрдү (камок), контейнерлерди алдыруу, жаңыларын кайра койдурбоо боюнча иш алып баруу шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча жана Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Т=рага Э.Турсуналиев
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДга