НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI I СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
10-декабрь 2015-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы мекемелерге көчөлөргө ат берүүдө Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорунда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын кароо жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясы Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык Нарын шаарындагы мекемелерге, көчөлөргө ат берүүдө Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорунда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын кароо жөнүндөгү маселе боюнча текшерүүгө чыгып, жеринде барып таанышып чыгышкан жана сурамжылоо жүргүзүү менен Нарын шаардык Кеңешинин ХХV жана ХХVI чакырылыштагы токтомдору менен шаардын тургундарына ысмы берилген көчөлөрдүн жана мекемелердин жашоочуларынан жана кызматкерлеринен маалымат алышкан. Тиешелүү туруктуу комиссиянын билдирүүсүнө караганда Нарын шаарындагы дээрлик көпчүлүк көчөлөрдө шаардык Кеңештин токтому аткарылбастан, токтомдо көрсөтүлгөн пункттар эске алынбай келген. Тактап айтканда, көчөнүн аттары жазылган такталар (вывеска) илинген эмес. Көпчүлүк көчөлөрдүн жашоочуларынын айрымдарынын айтымында айрыкча жазында шагыл төгүлбөгөндүктөн, баткактан басканга мүмкүн болбой, балдар мектепке бара алышпай, бут кийим түтпөй кыйналышаарын айтышкан. Кээ бир көчөлөрдө электр энергиясы үчүн коюлган столбалар, көчөнүн ичин көздөй коюлуп калгандыктан тоскоолдуктарды жаратып келүүдө. Бул столбаларды жылдыртып беришсе деген сунуштарын З.Какематов жана Т.Эралиев атындагы көчөлөрдүн жашоочулары билдиришкен. Айрым жардам берилбеген көчөлөрдүн жашоочулары, вывескаларын алып салышкан. Жогорудагы көрүнүштөр шаарыбыздагы дээрлик баардык көчөлөрдө кайталанган.Нарын шаарындагы белгилүү инсандардын ысмы коюлган көчөлөрдүн арасында шаардык Кеңештин токтомунун негизинде иш алып барган городок аймагындагы Какен Намирова атындагы көчө, бул көчөнүн акыбалы башкаларга салыштырмалуу абдан жакшы, себеби, Какен Намированын уул, кыздары бул көчөгө шагыл төктүрүп, жарык койдуртуп, ар бир үйгө такталарды илдирткен.К.Намирова өзү да көчөнү көзөмөлдүккө алып тураарын айтты. Бул көчөнүн жашоочуларынын ар бири өз каражаттарынын эсебинен үйлөрүнөн суу чыгарып алышкан, жашоочулар барган комиссияга борбордук канализацияга кошконго уруксат сурап, кеткен чыгымдары өздөрүнүн эсебинен болоорун суранышкан.Ушундай эле ирээтке келтирилген көчөлөрдүн катарына Сатыбек Мамбетсултанов атындагы көчө.Бул көчөдө айтпасак да кандай иштер алып барылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү экендигин комиссия мүчөлөрү билдиришет. Матен Сыдыков чөлкөмүндөгү Темирбек Эралиев атындагы көчөнүн жашоочулары комиссия барган учурда нааразычылыктарын билдиришип, тагылган вывескаларды алып салгандыктары менен бул инсандын үй бүлөсү мүмкүнчүлүктөрү болсо дагы аталган көчөгө эч кандай салым кошпогондуктарын айтышкан. Токтомдо көрсөтүлүп, белгиленгендей көчөгө ысымдары берилген адамдардын үй бүлөсү ошол тиешелүү көчөнү жарыктандырууда, такталарды илдирүүдө,жашоочулардын паспортторун алмаштырууда көмөк көрсөтүп, көчөнүн жолун оңдотуп, же шагыл төктүрүп берүүлөрү зарыл эле. Бирок, көчөнүн ысмын алып жүргөн инсандардын көпчүлүгүнүн көзү өтүп кеткендиктен, балдарын, жакын туугандарын табууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, көчөлөрдү ирээтке келтирүүнү Нарын шаардык мэриясына жана Таза-Нарын муниципалдык ишканасына тапшырууну туура деп тапты.
Ысымдарды ыйгарууда, ысмы берилип жаткан адамдын шаар үчүн , коом үчүн кылган эмгектерин баалап, эске алып шаардык Кеңештин депутаттарынын колдоосуна, добушуна ээ болгондон кийин берип келген.Айрымдарынын үй бүлөсүнүн колунда бар, көпчүлүктөрүнүн жашоо шарты начар болгондуктан, же балдары жана туугандары кайсы жерде жашап жаткандыктары тууралуу маалымат жок болгондуктан, аларга токтомдун аткарылышы боюнча талап кылууда кыйынчылыктар жаралды.Мисалга алсак Анвар Чортеков, Тамара Жумакаева, А.Койгелдиев, Кайратбек Мурзакматов, Зоярко Руслан, Мукамбет уулу Улан ж.б көчөлөрдү айтсак болот.
Көчөлөрдүн аттары, номерлери такталбагандыктан, тез жардамдын кызматкерлери көчөлөрдү таппай кыйынчылыктар пайда болуп жаткандыгын, чакырылган тез жардам кечигип келип, ооруган адамдардын жашоо тагдыры чечилип калган учурлар да жок эмес экендигин жашоочулар да, тез жардамда иштеген кызматкерлер да чоң көйгөй катары баса белгилешүүдө.
Ал эми Мамбет Мырзабековдун ысмын алып жүргөн № 87- кесипчилик лицейинде, Сатыбалды Нааматовдун атын алып жүргөн Нарын мамлекеттик университетинде, Матен Сыдыковдун ысмын алып жүргөн №7 мектепте, Абдыкадыр Садыковдун ысмын алып жүргөн № 9-мектепте да бул инсандардын үй бүлөлөрү жана өздөрү тарабынан эч кандай колдоо болбогондугун окуу жайлардын кызматкерлери жана башчылары тарабынан айтылган. Ал эми Нарын шарындагы №4-Эсенгул Ибраевдин ысмын алып жүргөн мектепте белгилүү акын Эсенгул Ибраевдин уул, кыздары тарабынан жогорку деңгээлдеги иштер жасалган.Баса белгилеп айтчу нерсе ысмы ыйгарылгандан , ушул күнгө чейин мектеп менен тыгыз байланышып, жылына окуучуларга, мугалимдерге стипендиялар берилип тураарын жана жалпы эсеп менен айтканда мектеп үчүн 2 миллион өлчөмүндөгү каражат кетип, иштер жасалгандыгын мектептин директору Т.Качкымбаев билдирген.
Тиешелүү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү көчөлөрдү кыдырууда Таза-Нарын муниципалдык ишканасына караштуу көчө комитеттеринин өкүлдөрү менен бирдикте чыккандыгын жана городок аймагын тейлеген статистика башкармалыгынын ичинде жайгашкан кварталдык комитетте иштеген Чынара Эрмековага телефон аркылуу байланышып, комиссия менен көчө кыдырууга кошо чыгуусун өтүнгөндө туура эмес мамиле кылып, жооп бербегендиктен, комиссия мүчөлөрү жеринде барып жолукканыбызда барган комиссиянын келгенине да маани бербей, суроолорго жооп бербегендигине, жана кызматтык этиканы сактабагандыгына комиссия нааразы болууда. Жогорудагылардын негизинде справка алууга барган жашоочуларга кылган мамилесин көрбөсөк да белгилүү. Көчө комитети Ч.Эрмекованын туура эмес кылган мамилесине жана кызматтык этикасына карата чара көрүүсүн Таза-Нарын ишканасынын жетекчисине сунуш кылуу жагы комиссия тарабынан белгиленди.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын текшерүүсүн жыйынтыгын, билдирүүсүн эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаардык Кеңешинин токтомдоруна ылайык ысмы ыйгарылган көчөлөрдүн жана мекемелердин ысмын алып жүргөн инсандардын үй бүлөлөрү жана өздөрү тарабынан токтомдун пункуттарындагы талаптары аткарылбагандыгы белгиленсин.
- Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы мектепке жана К.Намирова, С.Мамбетсултанов атындагы көчөлөргө аты берилген инсандардын үй бүлөлөрү тарабынан жасалган жана аткарылган алгылыктуу иштери белгиленсин.
- Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен белгилүү инсандардын аттары берилген шаардын жалпы көчөлөрүнүн аттарын жана катар номерлерин тактоо, орнотуу жагы Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, шаардык муниципалдык менчик департаментине, шаардык архитектурага, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын.
- Нарын шаарындагы көчөлөрдүн ирээтке келтирүүнү, жарыктарды койдурууну, шагылдарды төкүрүүнү, көчөнүн аты жазылган такталарды катар номери менен илдирүүгө тиешелүү мекемелер менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына караштуу кварталдык комитеттин өкүлү Ч.Эрмекованын комиссияга кылган мамилеси жана кызматтык этикасын кароо жөнүндөгү «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу «Таза-Нарын» муниципалдык ишкананын директоруна жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына, ММДга, шаардык архитектурага, жерге жайгаштыруу башкармалыгына