НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXV I I I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXV I I I  СЕССИЯСЫНЫН

№  4  ТОКТОМУ

19-январь 2016-жыл                                                                                                                                      Нарын шаары

Нарын  шаарынын “Ардактуу атуулу” Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча» туруктуу комиссиясынын орун басары депутат С.Эсеналиевдин Нарын  шаарынын “Ардактуу атуулу” наамынын Жобосуна өзгөртүү киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Жобосунун III бөлүмүндөгү 3.1 пунктундагы “20 адамга чейин” деген сөз алынып салынып, жылына 2 жолу же 21-март “Нооруз” элдик майрамына карата “5 тен 7 адамга чейин”, ал эми 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө  карата “15 адамга чейин” деген сөз менен алмаштырылсын.  (жобо тиркелет)    
  2. Жобону өзгөртүүсү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук    актыларынын Реестирине киргизүү шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

                                 Төрага                                                                                Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,

  

Добавить комментарий