НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXX СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ   XXX СЕССИЯСЫНЫН

№  1  ТОКТОМУ

18-март  2016-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын  шаарынын “Ардактуу атуулу” Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Телтаевдин  Нарын  шаарынын “Ардактуу атуулу” наамынын Жобосуна өзгөртүү киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Жобосунун III бөлүмүндөгү 3.1 пунктундагы  “5 тен 7 адамга чейин” деген сөздөр  “20 адамга чейин” деген сөзгө , “15 адамга чейин” деген сөздөр   “20 адамга чейин” деген сөздөргө  алмаштырылсын.  (жобо тиркелет)
  2. Жобону өзгөртүүсү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук    актыларынын Реестирине киргизүү шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

 

 

  Т=рага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:  иш кагазга, туруктуу комиссияга

Добавить комментарий