НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXV СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

   НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                          

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXV  СЕССИЯСЫНЫН

№  5  ТОКТОМУ

15-сентябрь   2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарынын «Эл сыймыгы» төш белгисин ыйгаруу жөнүндө ЖОБОсун бекитүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңеши тарабынан негизделген Нарын шаарынын     жогорку сыйлыктарынын бири  болгон Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин ыйгаруу жөнүндө Жобосун талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаардык Кеңеши тарабынан негизделген Нарын шаарынын     жогорку сыйлыктарынын бири  болгон Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин ыйгаруу жөнүндө Жобосу бекитилсин.(Жобо тиркелет)
  2. Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгисин ыйгарууда Жободо каралган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык  иш, ардагерлер, жаштар  саясаты,  жарандык  жана  коомдук  уюмдар, эл  аралык  байланыш, жалпыга  маалымат   каражаттары,  наамдарды  ыйгаруу»  боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

  Төрага                                                                                            Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,

 

 

Добавить комментарий