НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№  4  ТОКТОМУ

10-ноябрь  2016-жыл                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаарындагы “Ак-Бечел” суу алуучу жайына Касый Орозалиевдин ысымын берүү жөнүндө

Орозалиев Касый 1936-жылы Тянь-Шань районунун Казан-Куйган айылдык советине караштуу Эки-Нарын бөлүмчөсүндө туулган. Эмгек жолун 1955-жылы Нарын шаардык коммуналдык ишканалар комбинатында слесарь-сантехник болуп эмгектенүү менен баштаган.1969-1971-жылдары суу түтуктөрү боюнча мастер, 1971-1975-жылдары шаардык суу канал ишканасында башкы инженер, 1975-1981-жылдары суу канал ишканасында участкалык бөлүмдүн башчысы, 1981-1996-жылдары ушул эле ишканада мастер, инженер участка башчысы болуп эмгектенген. 1996-жылы жаш курагы боюнча эс алууга чыкса  өз кесиби менен 2005-жылга чейин иштеп, бир тармакта 50 жыл кызмат өтөгөн.

Орозалиев Касый суу канал ишканасындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Кыргыз ССРнини Жогорку Советинин Грамотасы , Эмгектеги каармандыгы үчүн, социалистик мелдештин жеңүүчүсү төш белгилери менен сыйланган.

Нарын суу-канал ишканасынын эмгек жамааты өзүлөрүнүн прфсоюздук чогулушунда, көп жылы суу канал ишканасында үзүрлүү эмгектенген  Орозалиев Касыйдын ысымын Ак-Бечел суу алуучу жайына ыйгаруу боюнча токтомун кабыл алышып, шаардык Кеңешке  сунуштарын жиберишкен.

Сунуш шаардык Кеңештин алдындагы Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, туруктуу комиссия маселени шаардык Кеңештин сессиясынын кун тартибине киргизүү сунушун берген.

Орозалиев Касыйдын ысымын Ак-Бечел суу алуучу жайына ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын суу-канал ишканасынын эмгек жамаатынын, шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде шаардык суу канал ишканасындагы 50 жылдык үзүрлүү эмгеги үчун Орозалиев Касыйдын ысымы Ак-Бечел суу алуучу жайына берилсин. Орозалиев Касый атындагы Ак-Бечел суу алуучу жайы деп аталсын.
  2. Ак-Бечел суу алуучу жайына Орозалиев Касыйдын ысымына которуу боюнча баардык иш кагаздарды уюштуруу Нарын суу канал ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.

  Төрага                                                                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына

Добавить комментарий