НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№  5  ТОКТОМУ

10-ноябрь  2016-жыл                                                                                                                      Нарын шаары

2016-жылдын 9-июнунда күтүүсүз кырсыктан каза болгон Нарын суу канал ишканасынын 3 жумушчусунун үй-бүлөсүнө компенсациялык чыгымдарды төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Кайрылуу жолдоо жөнүндө

 

Нарын шаардык суу канал ишканасынын 3 жумушчусу 2016-жылдын 9-июунунда күтүүсүз кырсыктан иш үстүндө каза болгон. Кыргызстан Профсоюуздарынын Федерациясынын техникалык эмгек инспекциясы тарабынан  жабырлануучуларга төлөнүүчү компенсация эсептелинип, Эмгек Кодексинин 252-беренесинин негизинде жабырлануучунун (багар-көрөрүнүн) каза  болгондугуна байланыштуу каза болгон  3 жарандын үй бүлөсүнө төлөнүүчү бир жолку жөлөк пулдун суммасы 8 589 912 сомду түзөт.

Шаардык суу канал ишканасы, шаардык мэрия жогорудагы каза болгон 3 жарандын үй бүлөсүнө төлөнүүчү 8 589 912 сом жөлөк пулду мекеменин өздүк каражатынын жана  шаардын жергиликтүү бюджетинин тартыштыгынан төлөп берүү мүмкүн болбой жаткандыгын билдирүү менен жогорудагы акча каражатын чечип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Кайрылуу жолдоп берүү сунушу  менен кайрылышкан.

2016-жылдын 9-июнунда күтүүсүз кырсыктан каза болгон Нарын суу канал ишканасынын 3 жумушчусунун үй-бүлөсүнө компенсациялык чыгымдарды төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Кайрылуу жолдоо жөнүндө Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

2016-жылдын 9-июнунда күтүүсүз кырсыктан каза болгон Нарын суу канал ишканасынын 3 жумушчусунун үй-бүлөсүнө компенсациялык чыгымдарды төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан  Кайрылуу жолдонсун.

 

  Төрага                                                                                            Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишкангасына

Добавить комментарий