НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН       XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XX I  СЕССИЯСЫНЫН

                         №  4 ТОКТОМУ

16-апрель   2015-жыл                                                     Нарын шаары

     Нарын шаарынын тургуну Э.Болотбековдун арызын кароо жөнүндө    

Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 16-июулундагы  XXVI чакырылыштагы XV сесиясынын №7 токтому менен  Нарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянты “Ала-Тоо-Нарын” спорт клубуна ижарага берүүгө макулдук  берилген. Токтомдо жер аянтын ижарага берүүдө Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын отурумунда каралып,  Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу эки тараптуу келишим түзүү, келишимге тараптардын милдеттерин так көрсөтүү жагы көрсөтүлгөн.

2015-жылдын 17-февралында жогорудагы жер аянтын ижарага берүү боюнча   конкурс болуп Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын отурумунун №1 протоколу менен конкурстун негизинде Нарын шаарынын Дыйкан көчөсүнүн тургуну Э.Болотбековго  “Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянты ижарага берилген.

“Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянтына муз аянтчасын курууда,  курулуш иштерин бүтүргөнчө ижара акысынан бошотуу боюнча Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык мэриясы 26.03.2015-жылы №03″ чыгыш каты менен Э. Болотбеков 18.02.2015-жылы арыз менен кайрылышууда.

Нарын шаардык мэриясынын сунуш каты жана Э.Болотбековдун арызы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссия өз отурумунда бул маселени жалпы депутаттардын талкуусуна сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

Жогорудагылардын негизинде сессияга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын           31-беренесине ылайык “Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянтына муз аянтчасын курууда,  курулуш иштери башталып жаткандыгына  байланыштуу, 2015-жылдын             1- январынан 2017-жылдын 1-январына  чейин  ижара акысынан бошотулсун.

 

    Төрага                                                                                                     Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДга, Э.Болотбековго

Обсуждение закрыто.

НАРЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕНЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ   КЕЗЕКТЕГИ    X СЕССИЯСЫНЫН     №  7 ТОКТОМУ

18- декабрь 2013-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы тротуарлардын капиталдык  ремонт иштери жөнүндө

Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү жалпы узундугу 1089 метр тротуаларды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоордун сметалык баасы 3 907 556 сомду, же 2256 чарчы метрди түзөт.Бул долбоорду аткарууда 2013-жылы узундугу 564 метр тротуарга брусчатка төшөлүп, анын  жалпы суммасы 2 024 402 сомду же 1128 чарчы метрди түзөт. Ал эми долбоор боюнча узундугу 524 метр тротуарга брусчатка төшөлбөй, же 1049 чарчы метр жер аянтына 1 883 157 сомдун жумушу аткарылбай калган. Долбоорду аткарууда каржылоо булагынын 95 пайызы АРИС программасы аркылуу, ал эми 5 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү тротуарларын капиталдык ремонттон өткөрүү  иштерин жүргүзүүгө карата тендерге катышууга   ОсОО “Босого” 1 861 482 сомго, ОсОО “АТЭС стройсервис” 1 864 314 сомго, ОсОО “Мстард” 1 978 673 сомго  ишканалардан өтүнүч келип түшкөн. Тендерди өткөрүүгө Нарын шаардык мэриясынан, шаардык Кеңештин депутаттарынан, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы тиешелүү мекемелердин адистеринен жана шаар тургундарынан   турган  комиссия түзүлгөн. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында  ОсОО “Мстард”   курулуш ишканасы тандалып, тендерден утуп алган.

2013-жылга аткарылган иштер үчүн  2 024 402 сомдун 96000 сому жергиликтүү бюджеттен , АРИС уюму тарабынан 1 885 613 сому   каржыланган. Жалпы баасы 2 024 402 сомду түзсө, ОсОО “Мстард” ишканасы тендерде көрсөтүлгөн 1 978 673сомдук  жумуш аткарып,ал эми  45 729 сомго  АРИС тарап менен макулдашып кошумча иштерди аткарышкан. Тактап айтканда 2 024 402 сомго же 1128 чарчы метр жерге брусчатка плиткалары жаткызылып, обьектинин  толук ремонту  бүткөрүлгөн.

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы тротуарлардын капиталдык  ремонт иштери жөнүндөгү Нарын шаарынын 1-вицэ мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы тротуардын капиталдык  ремонттон  өткөрүү жөнүндөгү Нарын шаарынын 1-вицэ мэри А.Сурановдун билдирүүсү эске алынсын.

 

2.      Нарын шаардык мэриясы  тарабынан Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү жалпы узундугу 1089 метр тротуаларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоордун аткарылбай калган бөлүгүн, толук бүткөрүү үчүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо боюнча сунуш   шаардык Кеңештин алдындагы  Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча  туруктуу комиссиясына берилсин .

             Төрага                                                                                Э.Турсуналиев   

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, АРИС программасына

Обсуждение закрыто.